Альвеолярдуулук

Википедия дан

Альвеолярдуулук (бүйлөчүл) (лат. alveol - жаак тиштеринин түбү турган жер чуңкурча) - Альвеолярдуулук термини тил илиминде үнсүз тыбыштардын белгилүү категориясына тиешелүү колдонулат.

Үнсүз тыбышты айтканда тилдин учу үстүнкү маңдай тиштердин бүйлөлөрүнө тийип, өпкөдөн чыгып келе жаткан абанын агымын токтотот. Ал тоскоолдукту жарып чыгуудан уччул альвеолярдуу үнсүз т, д, н тыбыштары жасалат. Эгерде тилдин учу тиштин бүйлөлөрүнүн эң жогору жагына же маңдай тиштердин ички беттерине кептелсе, анда альвеолярдуу үнсүз жасалбастан, какуминалдуу үнсүздөр жасалат. Альвеолярдуулук термини Кыргыз тилиндеги жарылма үнсүздөргө гана тиешелүү болбостон, жылчыкчыл с, з тыбыштарынын жасалышында да колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинин лингвистикалык маалымдамасы. Б.:2015.-256 б. ISBN 978-9967-464-70-4