Альгамбра
Көрүнүш
Альгамбра (ар. аль-хамра - кызыл) - Испаниядагы Гранада шаарына жакын Сьерра-Невада тоосунун боорундагы аксарай комплекси. Арабдардын Гранада эмиратынын башкаруучулары үчүн (13-кылымдын ортосу - 14-кылымдын аягында) курулган. Альгамбра - мавритан архитектурасынын эң көрүнүктүү үлгүсү. Мирттер аянтчасы менен Арстандар аянтчасынын айланасына жайгашкан кооз жасалгалуу залдардан турат. Ошондой эле Карл Унин чала курулган сарайы бар (1526). Альгамбранын архитектурасынын көркөмдүгү, кереметтүү түзүлүшү, жасалгасы жөнүндө уламыш кабарлар орто кылымда эле дүйнөгө тараган. Альгамбра Бүткүл дүйнөлүк мурастардын тизмесине киргизилген.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1