Альпинистер (Чоңтөр) мөңгүсү
Альпинистер (Чоңтөр) мөңгүсү – Кыргыз Алатоосунун түндүк капталындагы өрөөн тибиндеги мөңгү.
Уз. 3,3 км, аянты 4,4 км2. Сокулук суусунун төрүндө жайгашкан. Мөңгүнүн башы деңиз деңг. 4190 м, этеги 3100 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 3540 м. Абляция облусунун аянты 3,4 км2. Мөңгүнүн 13%не чейин морена материалдары жаап жатат. Мөңгүдөн Сокулук суусунун жогорку агымы Чоңтөр суусу башталат.
Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
- Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71–72. ISBN 9967-14-006-2