Альт

Википедия дан

Альт - (нем. Alt, итал. alto, лат. altus - бийик) 1) тенор менен сопранонун ортосундагы партия (үн). Алгачкы көп үндүүлүктө (12-14-к-да) эркектердин бийик үнү (аталышы ошондон). 2) Аялдардын же балдардын коңур үнү, ошондой эле алар хордо же вокалдык ансамблде, кээде жеке аткаруучу партия. 3) Скрипка тобундагы орточо үндүү кылдуу тартма аспап. Сырткы көрүнүшү скрипкага окшош, өлчөмү чоң. Корпусунун узундугу 3848 см. 16-кылымдын башында пайда болгон. Симфониялык оркестрде ойнолот. 4) Саксгорндар тобундагы жез үйлөмө аспап. Азыркы үйлөмө оркестрде колдонулат. Бюгельгорндор (альт, же альт-горн), саксофондор (альт-саксофон), гобойлор (альт гобою же англия рожогу), кларнеттер (бассетгорн), флейталар (альт флейтасы) ж. б. тобундагы альт түрлөрү кезигет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]