Альтернариоз
Көрүнүш
Альтернариоз — өсүмдүк илдети. Аны мите козугарын (Alternaria) пайда кылат. Картошка, алма, алмурут, барсылдак альтернариозу белгилүү. Илдеттүү өсүмдүктү каратак басып, өсүмдүк ткандары акырындык менен солуйт. Ал көбүнчө өсүмдүктүн урук түйүлдүгүндө өөрчүп, үрөн өнбөйт. Ага каршы күрөшүү чаралары: үрөндү химиялык препараттар менен дарылоо, аңызды өсүмдүк калдыгынан арылтуу, которуштуруп эгүүнү туура жүргүзүү.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1