Альтернативдик кыймылдар

Википедия дан

Альтернативдик кыймылдар - жаңы коомдук кыймылдар, азыркы доордун глобалдык, курч маселелерин, экология, согуш жана тынчтык, жашоо сапатын чечүүдө традициялык жол менен эмес, жаңы жол табуу.

XX к. 70-ж. Франция, ФРГда пайда болгон. Кийинчерээк Батыш Европа өлкөлөрүндө, АКШда, Канадада, Жапонияда, Австралияда, Жаңы Зеландияда, Чыгыш Европа өлкөлөрүндө да пайда болгон. Бул кыймылдардын пайда болушунун негизги себеби - цивилизациянын кризиси. Альтернативдик кыймылдар социалдык курамы, чечүүчү маселелери боюнча ар түрдүү. Бардык социалдык топтор негизги күч катары катышат.

Башкы роль ортоңку социалдык топторго таандык:

  • а) Уюшулган, өнүккөн кыймыл - экологиялык багыттагылар, көп өлкөлөрдүн партиялары Европарламентте бир фракцияны түзүштү;
  • б) Тынчтыкты коргоого, тынчтыкка умтулган массалык кыймылдар;
  • в) Жарандык укукту коргоо кыймылы;
  • г) Жарандык демилге кыймылы: конкреттүү долбоорду ишке ашыруу.

Батышта Альтернативдик кыймылдардын теоретиктери: И.Ильич, А.Горц, Т.Эберман, Р.Трамперт, Э.Дамман, И.Штрассер, К.Амери, К.Траубе, И.Хубер, И.Хирш,К.Оффе, П.Кеми, Т.Эберт; КМШда В.Ц. Худаверден, А.Н. Вдовиченко, В.Д. Грандов, В.Г. Васин, Б.С. Орлов, Я.Г. Фогелер ж.б.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Адам укуктары, демократия, бийлик. Энциклопедиялык сөздүк. – Б.: 2015. -496 б. ISBN 978-9967-27-790-8