Альтиметр

Википедия дан

Альтиметр - (лат. altum - бийиктик жана метр), бийиктик өлчөгүч - учуучу аппараттын учуу бийиктигин өлчөөчү прибор. Барометрдик альтиметрде абанын атмосфералык басымынын бийиктикке көз карандылыгы (бийиктик өскөн сайын басым азаят) пайдаланылат. Басым абасы сордуруп чыгарылган мембраналуу металл камеранын жардамында өлчөнөт. Буга окшогон камералар барометрде коюлган. Ченелген маанилер кийин бийиктиктин маанисине өзгөртүлөт. Альтиметрди тууралоо (настройка) үчүн басымдын деңиз деңгээлине көз карандылыгын жана температуранын өзгөрүшүн эске алуу керек; радио бийиктик өлчөгүч альтиметр радиосигналды тик багыт боюнча төмөн көздөй берүү жана Жерден берилген жана чагылдырылган сигналдын фазаларын салыштыруу менен бийиктикти: деңиз деңгээлиненен болгон бийиктикти эмес, жер бетине чейинки аралыкты өлчөйт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]