Альфа-ажыроо

Википедия дан

Альфа-ажыроо (α-ажыроо) - атом ядролорунун радиоактивдүү ажыроо кезинде альфа-бөлүкчөнү өзүнөн өзү бөлүп чыгаруу менен коштолгон ажыроо.

Альфа-ажыроонун механизми эки этаптан турат: биринчиден, ядронун ичинде эки протон жана эки нейтрондун топтолушунан өзүнчө α-бөлүкчөнүн пайда болушу; экинчиден, α-бөлүкчөнүн ядродон нурлануусу. Альфа-бөлүкчөнүн ядродон нурлануу процесси туннелдик эффектиге байланыштуу. Альфа-ажыроо теориясын 1928-ж. Г.Гамов жана ага байланышсыз Г.Герни менен Э.Кондон өнүктүргөн. Альфа-бөлүкчө ж. б. нуклондор үчүн ядронун өзү потенциалдык тоскоол болот. Альфа-бөлүкчөнүн энергиясы потенциалдык тоскоолдун энергиясына караганда аз болгондуктан ал тоскоолду ашып өтө албайт. Бирок α-бөлүкчөнүн толкундук касиетине байланыштуу, α-бөлүкчө тоскоолду аралап өтүп ядродон бөлүнүп чыгат. Альфа-ажыроо ыктымалдуулугу тоскоолдун өткөрүмдүүлүгүнө түз пропорциялаш; ал ядронун өлчөмүнө, о. эле ядродо α-бөлүкчөнүн пайда болушуна жараша болот. Альфа-ажыроонун натыйжасында пайда болгон У-ядро дүүлүккөн абалда жаралат. α-нурлануунун спектри сызыктуу болот. Элементтердин мезгилдик системасында коргошундан кийин жайгашкан 200дөн ашык α-радиоактивдүү ядролор белгилүү. α радиоактивдүү ядролордун жашоо мезгили 3*10^-7секдан (212Ро)-(2–5) *10^15 жылга (142Ge, 144Nd, 174Hf) чейин созулат. Оор радиоактивдүү ядролор бөлүнүп чыгарган α-бөлүкчөлөрдүн энергиясы 4–9МэВко чамалуу.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]