Альфа-бөлүкчө

Википедия дан

Альфа-бөлүкчө (α-бөлүкчө) – эки протондон жана эки нейтрондон турган кээ бир радиоактивдүү ядролор (нуклиддер) чыгарган, гелий атомунун ядросу .

Альфа-бөлүкчөнүн массасы mα=4,00273 м.а.б=6,644*10^-27кг, спин жана магнит моменти нөлгө барабар. Байланыш энергиясы 28,11МэВ. Табигый радиоактивдүүлүктөн жана ядролук реакциялардан бөлүнүп чыккан Альфа-бөлүкчөрдүн энергиясы 4–9МэВ, ал эми заряддарды ылдамдаткычтарында (ускоритель) Альфа-бөлүкчөрдүн энергиясы ондогон МэВко жеткен. Зат аркалуу өткөн учурда Альфа-бөлүкчөдүн энергиясы заттын атомдорунун жана молекулаларынын иондоштуруусуна, дүүлүктүрүүгө жана молекулаларынын диссоциациясына сарп болуп, кыймылы акырындайт. Альфа-бөлүкчөнүн абадагы өтүү жолу ℓ~3 – 7 см. Тыгыз заттарда ℓ~10^-3см (айнекте ℓ= 0,004см).

Альфа-бөлүкдү түрдүү ядролук реакцияларды жүргүзүүдө, нейтрондорду жана кээ бир радиоактивдүү изотопторду алууда пайдаланылат. Ядролук физиканын изилдөөлөрүнүн көбү (атом ядросунун, ядролук реакциялардын жана жасалма радиоактивдүүлүктүн ачылыштары) Альфа-бөлүкчөлөрдү изилдөөгө байланышкан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]