Альфа-спектрометр

Википедия дан

Альфа-спектрометр - радиоактивдүү ядродон бөлүнүп чыккан α-бөлүкчөлөрдүн энергиясын өлчөөчү прибор.

Магниттик Альфа-спектрометрде α-бөлүкчөнүн энергиясы анын магнит талаадагы траекториясынын ар түрдүү чоңдуктагы бурчтарга кыйшаюусу боюнча аныкталат. Заряддалган бөлүкчөнүн магнит талаасындагы траекториясы айлананы элестетет. Айлананын радиусунун бөлүкчөнүн импульсуна көзкарандылыгы α-бөлүкчөлөрдү энергиялары боюнча талдоо жүргүзүүгө мүмкүндүк берет. Иондоштуруучу Альфа-спектрометрде α-бөлүкчөнүн энергиясы башка α-бөлүкчөнүн белгилүү энергиясы менен салыштырылат (мис.,214Ро бөлүп чыгарган α-бөлүкчөнүн энергиясы ~5,3МэВ). Жарым өткөргүчтүү детекторлуу Альфа-спектрометрде жарым өткөргүчтүү кристаллдарда α-бөлүкчөсүнүн энергиясы андагы электр тогун пайда кылышы боюнча изилденет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]