Алюминий ачык таштары

Википедия дан

Алюминий ачык таштары – алюминий сульфаты жана кээ бир бир валенттүү металлдар сульфаттарынан пайда болгон туздар. Жалпы формуласы: R2SO4Al2(SO4)324H2O (R - K, Na,NH4 жана башкалар). А. а. т. – комплекстик бирикм болгондуктан, алардын формулалары көпчүлүк учурда төмөндөгүдөй жазылат: R{Al(SO4)2}12H2O. А. а. түссүз кристаллдар, сууда жакшы эрийт. Эң кеңири тараганы алюминий-калийлүү ачыкташ K2SO4Al2(SO4)324H2O. А. а. т. Боксит же чопону ысык Н2SO4 менен иштетип, пайда болгон эритмеге К2SO4 кошуп алынат. Ачык таштар нымды өзүнө тартып албайт, ошондуктан аларды пайдалануу өтө ыңгайлуу. А. а. т. ө ж-да кездеме боедо, тери өңдөөдө, кагаз өндүрүүдө, медицинада антисептик катары колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]