Алюминий оксиди

Википедия дан

Алюминий оксиди глинозем А12О3 – түссүз кристалл, балкып эрүү темп-расы 3550оС, тыгызд. 3,99 г/см3. А. о. 2 модификациясы жаратылышта корунд минералы түрүндө кездешет. Анын тунук, боёлгон кристаллдары – баалуу таштар. Табигый жана жасалма корунд кадимки шартта хим. жактан өзгөрбөйт. А12О3 кош мүнөздүү, к-талар менен да, щелочтор менен да аракеттенет, бирок NН4ОН менен аракеттенбейт. А. о. сууда эрибейт, криолит балкыган эритмесинде жакшы эрийт. А. о. лаб-ялык шартта алюминийди кычкылтекте күйгүзүүдөн алынат. 1000оС щелочтор менен аракеттенишип алюминаттар, SiО2 жана кычкыл шлактар менен реакцияга кирип, алюмосиликаттары пайда кылат. Аны алуунун негизги сырьесу – боксит, нефелин, алунит. А. о. негизинен өндүрүштө алюминий алууга жумшалат. Электр техникалык керамикаларды, алюминий алууда колдонулат. Анын монокристаллы лазердик материал, ошондой эле зергердик таштар, саат таштары катары колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]