Алюминий ортофосфаты

Википедия дан

Алюминий ортофосфаты, А1РО4 — туз, түссүз кристалл. Төрт туруктуу кристаллдык модификациясы бар: 580оСге чейин кристаллдык торчосу гексагонал түрүндөгү тыгызд. 2,64 г/см3 a-формасы, 580 -705оС 705 -1047оС чейин гексагоналдык, 1047оС жогору кубдук модификациясы туруктуу. Дагы эки метастабилдүү модификациясы белгилүү. 1650оС чейин А1РО4 туруктуу. Сууда, спиртте эрибейт, к-таларда, щелочтордо эрийт. К-талар, щелочтор менен аракеттенишет. Жаратылышта берилинит минералы түрүндө кездешет. Н3РО4 өндүрүүдө кошумча зат катары пайда болот. Алюминий гидрофосфаттарын жогорку темп-рада суусуздандыруудан, рН 4,0 - 4,5 алюминий тузунун эритмесине эквиваленттик санда щелоч металлдар ортофосфаттарынын эритмесин таасир кылуудан аморфтуу фосфат чөгөт. Спирттерди дегидратациялоодо, чексиз углеводороддорду гидратациялоодо катализатор катарында, керамикалык материал өндүрүүдө, металл каптоочу заттарды алууда ж. б-да колдонулат.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Химия: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. - 422 б. ISBN 9967-14-021-6