Алюминий фториди

Википедия дан

Алюминий фториди AlF3 - туз, түссүз кристалл, кадимки шартта кристаллдык торчосу тригоналдык түрүндөгү, тыгызд. 1,882 г/см3 a- формасы, 710-7200С туруктуу, b-формасы белгилүү. 1279оС бууланат. Сууда начар (250С 100 г сууда 0,559 г) эрийт, ысытылган күкүрт к-тасынан башка к-та, щелочтор менен аракеттенишпейт. Алюминий фториди 1,3,9 мол. суусу бар кристаллогидраттарды пайда кылат. Көп сандагы комплекстик бирикмелери бар, мис., Na3AlF6 криолит деп аталат. Аl2O3 же Al(OH)3 HF менен Н2SiF6 эритмелери менен өз ара аракеттенүүсүнөн алынган чөкмөнү жогорку темп-рада ысытуудан, Аl2O3 HF (газ) менен аракеттенүүсүнөн жана (NH4)3[AlF6] жогорку темп-рада ажыроосунан алынат. Алюминий, эмаль, керамика алууда колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]