Алюминий хлориди

Википедия дан

Алюминий хлориди, АlCl3 – сууда жакшы эрүүчү (250С 100 г – сууда 44 г А. х. эрийт), түссүз кристалл, моноклиндик торчону пайда кылат, тыгызд. 2,44 г/см3. Нымдуу абада НСl бөлүнүп, түтөйт. Суудагы эритмесинен саргыч ак түстөгү кристаллдар - АlCl36Н3О гидраты бөлүнөт, 180оС бууланат, балкып эрүү темп-расы 192,5оС. Көп орг. эриткичтерде жакшы эрийт. Суусуз А. х. көпчүлүк орг. эмес (NH3, H2S, SO2) жана орг. (к-танын хлорангидриддери, эфирлер ж. б.) заттар менен бирикмелерди пайда кылат. Кургатылган каолинди же бокситти калыбына келтиргичтер (СО, көмүр) катышуусунда хлорлоодон алынат:

Аl2O3+3СО+3Сl2= 2АlCl3+3CO2.

Алюминий хлориди нефтини кайра иштетүүдө, орг. синтездерде катализатор катарында кеңири колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]