Алюминотермия

Википедия дан

Алюминотермия (алюминий жана гр. therme - жылуулук) – металлды жана металл эмести (о. эле куймалар) алардын кычкылтектүү бирикмелеринен алюминий металлынын жардамы менен калыбына келтирип алуу процесси. Бул кубулуш биринчи жолу Н.Н. Бекетов тарабынан (1859-ж.) ачылган жана колдонулган. А. процессинде алюминий майда күкүм түрүндө керектелет. А. башка металлдарга караганда, алюминий менен кычкылтек аракеттенүүсүнөн өтө көп жылуулук бөлүп чыгара тургандыгына негизделген. Реакция учурунда бөлүнүп чыккан жылуулук саны металлдын көп бөлүнүүсүнө жана анын шлактан толук тазаланышына негизги шарт болуп эсептелет. Марганец, хром, ванадий, вольфрамды жана башка металлды алууда жана болоттон жасалган буюмдар, рельстер ширетүүдө колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]