Амадалиев Маткалык

Википедия дан

Амадалиев Маткалык (1926, Жалал-Абад облусу, Ноокен району, Кыла айылы -1997, ошол эле жерде) - пахтачы, Социалистик Эмгектин Баатыры (1972). Кыргыз ССР айыл чарбанын отличниги (1972). Эмгек жолун 1940-ж. Ош облусунун Ленин районундагы Калинин атындагы колхоздо колхозчу болуп иштөөдөн баштаган. 1942-жылдан пахтачылык бригадасында эсеп-кысап иштерин жүргүзгөн, 1951жылдан пахтачылык бригадасынын бригадири. Ал жетектеген бригада айыл чарба өндүрүшүнүн алдыңкы ыкмаларын пайдаланып, 1971-ж. 121 га жердеги пахтанын ар гектарынан 40 ц, 1972-ж. 119 ганын ар гектарынан 46 ц түшүм жыйнап алган. Ленин, Эмгек Кызыл Туу ордендери менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1
  • Музалевский М. В. Герои Социалистического Труда. Биобиблиографический словарь. — М.: РИЦ "Кавалер", 2008. — Т. 2. — 200 с.