Амазонит
Көрүнүш
Амазонит, амазония ташы - минерал; микроклиндин жашыл түстөгү түрү. Курамында кээде Mn2+, радиогендүү коргошун, рубидий жана цезий болот. Амазонит жегичтүү граниттерде, пегматиттерде, грейзендерде кездешет. Кооздук жана көркөмдүк буюмдарын жасоодо иштетилет.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1