Мазмунга өтүү

Амазон ойдуңу

Википедия дан
Амазон ойдуңу.

Амазон ойдуңу - Түштүк Америкадагы табигый аймак. Амазон дарыясынын алабын ээлейт. Негизинен Бразилиянын, ошондой эле Колумбия, Эквадор жана Перунун аймагында. Аянты 5 млн км2ден ашык. Амазонга Амазон ойдуңу бүт, Гвиана (түндүгүндө) жана Бразилия (түштүгүндө) бөксөтоолорунун жапыз капталдары кирет. Ойдуң тектоникалык ийилүүдөн (синеклизадан) орун алган. Экватор алкагынын табигый ландшафты толук сакталган кенен түздүктөрдөн турат. Батыш Амазонга накта экватордук ландшафт мүнөздүү. Мында жылдык жаан-чачын 3000 ммге чейин түшүп, дайыма суусу мол дарыялар көп, өсүмдүктөр менен жаныбарлардын эндемик түрлөрү бар экватордук токой (гилей) өсөт. Чыгыш Амазон дөңсөөлүү (бийиктиги 350 мге жетет), дарыялары босоголуу, терең капчыгайлар менен агат. Жалбырагы күбүлмө токой басымдуу, айрым жеринде саванна кездешет. Калк сейрек отурукташкан, алар негизинен токой чарбасы, аңчылык, балык кармоо, ошондой эле дыйканчылык менен кесип кылат. Кен байлыктары марганец (Сьерра-ду-Навиу), калай (Рондония аймагы), алмаз жана алтын (Мадейра бассейни). Негизинен дарыялар аркылуу катташат. Амазонын түштүк бөлүгүнөн Бразилиядагы эң чоң жол Трансамазон автоунаа жолу өтөт.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]