Амальгамалар

Википедия дан

Амальгамалар – компонентинин бири сымаптан турган металлдык система. Аларды металлды амальгация ыкмасы менен алат. Компоненттер аракеттенишүүсү мүнөзүнө, катыштар үлүшүнө, темп-рага жараша А. суюк, катуу эритмелер, кристаллдык хим. бирикмелер (меркуриддер) болуп бөлүнөт. Амальгама сымап металлдын үстүңкү бетин нымдап, диффузия жүрүп, кээ бир шартта хим. бирикме же катуу эритме пайда болот. Сымап менен щелочтуу жана щелочтуу жер металлдар туруктуу бирикмелерди, меркуриддер (мис., NaHg2, KHg2,MgHg), Cd жана Pb-катуу эритмелерди пайда кылат. Cu,Ag,Au,Pt меркуреддери төмөнкү темп-рада эле балкып эрип, Hg бөлүп чыгаруу менен ажырашат. Амальгамалоо – майдаланган тоо-тектен, концентраттан сымап жардамы менен металлдарды бөлүп алуу. Майдаланган тоотекти сымап менен иштеткенде, андагы металл сымап менен аракеттенишип, А. пайда кылат. Тоо-тектин курамындагы керексиз заттар өзүнчө бөлүнүп салынат. Өндүрүштүк максатта амальгамация мындан 2 миң жыл мурун эле колдонула баштаган. Алтын жана платинаны тоотектен, көбүнчө концентраттан бөлүүдө, металлургияда жеңил металлдардын калдыктарын иштетүүдө, сейрек кездешүүчү элементтер электролиз ыкмасы менен алууда жана башка иштерде пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]