Аманат салым

Википедия дан

Аманат салым – сактоо жана акырындык менен топтоо максатында, жарандар өз акча каражаттарын жайгаштыра турган банктагы ж. б. кредиттик уюмдардагы салымдар. Аманат салым менен жүргүзүлгөн аткарымдар салым ээсине берилүүчү аманат китепчесинде чагылдырылат. Бирөөнүн дарегине жөнөтүлгөн салымдар менен күнүмдүк эсептеги салымдардын негизги иш-милдети аманат акча каражатынын жүгүртүмү эмес, кардарлардын күнүмдүк салым жүгүртүмүн тейлөө болгондуктан, алар аманат салымына жатпайт.[1]


Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору,авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7