Аманбаев Алдаберген

Википедия дан

Аманбаев Алдаберген (1927, Талас облусу, Киров (азыркы Карабуура) району, Сулуумаймак айылы - 1975, ошол эле жерде) - малчы, Социалистик Эмгектин Баатыры (1971). Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген малчысы (1974). Эмгек жолун 1945-ж. Талас обл-нун Киров районундагы «Россия» колхозунда колхозчу болуп иштөөдөн баштап, 1947жылдан өмүрүнүн акырына чейин баш чабан болуп эмгектенген. Мал чарбасын өнүктүрүүдө мыкты ийгиликтерге жетишип, 1970-ж. ар жүз тубар койдон 155тен козу алып, чыгашасыз асыраган, ар койдон 5 кг жүн кыркып алган. 1975-80-ж. Кыргыз ССР ЖСнын депутаты. Эки Ленин ордени ж. б. ордендер менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]