Аманбаев кыштагы

Википедия дан

Аманбаев кыштагы - (1976-ж. чейин Грозный) Талас облусунун Кара-Буура районундагы кыштак. Аманбаев айыл өкмөтүнө караштуу. Күркүрөө суусунун оң жээгинде, деңиз деңгээлинен 990 м бийиктикте, Чымкент - Талас автомобиль жолунун боюнда жайгашкан. Райондун борбору Кызыл-Адыр кыштагынан 35 км батыш тарапта, Маймак темир жол бекетинен 7 км. 1870-ж. отурукташкан. Калкы 5777 (2002); негизинен тамекичиликте, мал чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, оорукана, дарыкана, амбулатория, маданият үйү, китепкана, мончо, кафе ж. б. бар. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулган. Кыштак Социалистик Эмгектин Баатыры А. Аманбаевдин ысмынан аталган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]