Аманкожоев Кубанычбек

Википедия дан

Аманкожоев Кубанычбек (1934-ж. т., Жумгал району) – живописчи. 1954-ж. Фрунзедеги көркөм сүрөт окуу жайын бүтүргөн. 1954–57-ж. Москвадагы В. И. Суриков атындагы көркөм сүрөт ин-тунда окуган. Көргөзмөлөргө 1957-жылдан катышат. 1958-жылдан СССР сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү. А-дин эмгектери көбүнчө жанрдык картинада жана пейзажда, портреттери да бар. “Аптап”, “Кулпунган өрөөн”, “Ыр”, “Чүй өрөөнүндөгү жаз”, “Сугатчылар”, “Акындын ыры”, “Бийиктикте”, “Тоодогу таң” картиналары, “Мөңгү”, “Чоку”, “Мавзолей”, Ак-Талаа”, “Жумгал”, “Боз-Айгыр” этюддары А-дин мыкты эмгектеринен болуп эсептелет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]