Аманкулов Наянтай Акалович

Википедия дан

Аманкулов Наянтай Акалович (1957-ж. туулган.

  • Жумгал району Кайырма (Байзак) кыштагы) - жетекчи кызматкер.
  • Кесиби инженер-гидротехник.
  • К. И. Скрябин атындагы айыл чарба институтун бүтүргөн (1980).
  • Эмгек жолун ошол эле жылы Жумгал ПМКсында мастер-прораб болуп баштаган.
  • Кыргызстан ЛКЖС Жумгал райондук комитетинин 2-катчысы (1981-85), Жумгал суу чарба башкармалыгында (1987-91), Жумгал райондук мамлекеттик администрациясында башкы адис (1991-92), Суусамыр райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары (1992-94), Кыргыз Республикасынын президентинин администрациясынын алдындагы Эл аралык стратегия институтунун иш башкаруучусу (1994-96) жана Айлана-чөйрөнү коргоо министрлигинде башкы адис болуп эмгектенген.
  • 2001-жылдан «МАНСИ» фирмасында иштейт.
  • Суусамырлык, токтор уруусунан.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Суусамыр: Энциклопедия /Башкы ред. Ү. Асанов. - Б.: Энцик. борбору, 2010. - 312 б., илл. ISBN 978-9967-14-076-9