Аманова Айжан Акматбековна

Википедия дан

Аманова Айжан Акматбековна (29. 4. 1903-ж. туулган, Суусамыр кыштагы) - жогорку категориядагы мугалим.

  • Бишкек шаарындагы орус тили жана адабияты педагогикалык институтун бүтүргөн (1985).
  • Эмгек жолун 1985-ж. Кызыл-Ой кыштагындагы Түркмөн орто мектебинен баштаган.
  • Кийинчерээк Кожомкул кыштагындагы С. Мырзакматов атындагы орто мектебинде орус тили жана орус адабияты мугалими болуп которулуп, учурда да эмгектенүүдө.
  • Ошондой эле коомдук иштерге да активдүү катышып келет.
  • 1999-жылдан Бириккен Улуттар Уюмунун жакырчылыкты жоюу программасы боюнча түзүлгөн өз ара көмөктөшүү топтордун «Миң-Булак» ассоциадиянын лидери.
  • 2004-жылдан 2008-жылга чейин АРИС программасы боюнча Кожомкул айылдык инвестиция комитетинин төрайымы.
  • «Мугалим-2004» зоналык конкурска катышып 1-орунга татыктуу болгон.
  • 2002-ж. Жайыл райондук мамлекеттик администрациясынын, 2003-ж. Суусамыр айыл өкмөтүнүн, 2004-ж. Жайыл районунун элге билим берүү бөлүмүнүн, Жайыл райондук кеңештин жана 2004-ж. Чүй облусунун элге билим берүү бөлүмүнүн Ардак грамоталары менен сыйланган.
  • Ал 2004-ж. Кыргыз Республикасынын Президентинен «Ыраазычылык кат» алган.
  • Кыргыз Республикасынын «Билим берүүсүнүн отличниги» төш белгисинин ээси (2009).
  • Жаманбай уруусунан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Суусамыр: Энциклопедия /Башкы ред. Ү. Асанов. - Б.: Энцик. борбору, 2010. - 312 б., илл. ISBN 978-9967-14-076-9