Аманова Чукун

Википедия дан

Аманова Чукун — Чырмакчы жана саймачы. 1940-ж. Кочкор районундагы Арка-Көл айылында төрөлгөн. Орто билимдүү. Үй кызматындагы баатыр эне. Анын чийге түшүрүүчү негизги каражаттары-“табак оюм” менен “туура мүйүз” оюм. Чырмакчынын кооз чыгдан чийи айыл ичине үлгү катары таралган. Мында Кочкор өрөөнүнө таандык көркөм каражаттарды так, төп алат. Узчулуктун ичинен ал чий чырмачылыкта жаңычыл катарыкөрүнүүдө. Ал көтөргөн алты ак өргөөнүн чырмак жасалгаларына уз “клем көчөттү” көбүрөөк пайдаланган. Чукундун чеберчилигинде сары туз көчөттөрү майда түшөт. Ал “аламончоктолот”. Анын кармаган буюмдарында “шайы көчөттүн” көрмөк элементтери көбүрөөк кездешет. Чукун сайма да сайат. Анын туш кийизинде алты табакча бар. Ар биринде үй пайда болуп, “мүйүз ойумунун”, “бадам ойумунун” негизги көчөттөрү бак-дарактардын бутактары чөп-гүлдүн сабактары ич ара шарттуу пайдаланылат. Борбордук көчөт менен жээк көчөттөрдүн араларына төө өркөчтүү “суу” жүргүзүлөт. Уз саймаларына түрдүү түстүкөбүрөөк түшүрүүгө аракеттенет. Кызыл-көк сары-кара менен жупташат жана ак өңдүн ылайык келүүчү ички катышын чебер билет анын туш кийизинде мамлекеттик музейлерде сакталууда. Чебер идиштерди көбүнчө талдан жасайт. Тал тарамыш сымал келип, ийри-муйру жарылат. Аны жарылган ыгы менен жонот. Араланганга караганда колдо жарылган талдан жасалган идиш-аяктын калыбы кийинчирээк анча өзгөрбөйт.