Аманов Ишенбек Акматбекович

Википедия дан

Аманов Ишенбек Акматбекович (1956-ж. туулган, Кызыл-Ой кыштагы) - бажы кызматынын подполковниги.

  • Ал К. И. Скрябин атындагы айыл чарба институтун (1997), Кыргыз мамлекеттик университетинин юридика факультетин (1997) бүтүргөн.
  • 1979-94-жылдары «Өрнөк» колхозунда, Аламүдүн жашылча-жемиш совхозунда, Жайыл районунун «Ставрополь», «Чүй», «Талды-Булак» чарбаларында ферма башчысы, бригадир, башкы зоотехник болуп эмгектенген.
  • 1994-жылдан Кара-Балта бажы кызматына өтөт.
  • Учурда Кара-Балта бажыканасында башкы инспектор.
  • «Бажы кызматынын ардагери», «Бажы кызматынын отличниги» төш белгилери, Мамлекеттик бажы комитетинин жана Кыргыз мамлекеттик тил комиссиясынын Ардак грамоталары менен сыйланган.
  • Бажы комитетинин 3-даражадагы, Кыргыз ба-жысына 15 жылдык юбилейлик медалдарынын ээси.
  • 2005-ж. 30сентябрда күжүрмөн эмгеги үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин ыраазычылык катын алган.
  • Жаманбай уруусунан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Суусамыр: Энциклопедия /Башкы ред. Ү. Асанов. - Б.: Энцик. борбору, 2010. - 312 б., илл. ISBN 978-9967-14-076-9