Мазмунга өтүү

Амантур Байзак

Википедия дан
Амантур Байзак
‎امانتۇر بايزاق
Туулган датасы:

1919 жыл(1919)

Туулган жери:

Чекирти айылы, Моңгул-Күрө ооданы[1]

Өлгөн датасы:

1983 жыл(1983)

Амантур Байзак (1919-1983) — Кытай Эл Республикасынын кырыгз акыны, коомдук ишмери жана саясий ишмери.

Амантур 1919-жылы Моңгул-Күрө ооданынын Чекирти айылында кедей малчынын үй-бүлөсүндө туулган. 13 жашында алгачкы жолу мектепке барууга мүмкүнчүлүк алып, 1931-1942-жылдары толук эмес жана толук орто мектептерде билим алган. Андан соң, Кулжа шаарында ачылган улуттук гимназияны аяктаган[1].

1952-жылы ал чыгармачылык жолун «Матаң» аттуу ыры менен баштаган[1]. Андан кийинки 12 жыл ичинде акындын чыгармалары тууралуу маалыматтар жок. Бирок, 1964-жылда «Тарым» журналында «Кожо акундун өмүр баяны» аттуу баяндоосу уйгур тилинде жарык көрүп, андан кийин дагы бир топ чыгармалары уйгур тилинде жарыяланган[1].

Кыргыз тилинде китеп-журналдар чыга баштаганда, акындын чыгармачылыгы жанданып, бир топ эмгектерин жараткан. Мисалы, 1981-жылы анын «Жылкычыга салам» аттуу ыры «Тулпар сыйлыгы» жеңип алган[2].

Ал 1983-жылы дүйнөдөн өттү. Кийинки жыл, 1984-жылы аяк оона айында анын «Өмүр жолу» деген ырлар жыйнагы жарык көрдү. Бул Кытайда кыргыз жазуучулары арасында жеке жазуучу тарабынан жазылган алгачкы китеп[1].

Амантур Шинжаң-Уйгур автоном районунун Элдик Курултайынын Туруктуу комитетинин директорунун орун басары, Шинжаң эмчилик колледжинин деканы болуп иштеген[3][4].

Жарык көргөн китептери

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • Өмүр жолу, Артыш: Кызыл-Суу кыргыз басмасы, 1984 (ырлар жыйнагы)
  1. 1.0 1.1 1.2 1.3 1.4 Иванов, Сергей. Амантур Байзак тамсили, Новое Наблюдение Шелкового Пути (11.09.2020). Архивировано из первоисточника 19 -сентябрь (аяк оона) 2021. Текшерилген күнү 25 -сентябрь (аяк оона) 2023.
  2. «تۇلپار» مىنگەن قىرعىزدار 荣获历届全国 “骏马奖”的柯尔克孜族作家、翻译家. 新疆柯尔克孜文学 (21 -сентябрь (аяк оона) 2024).
  3. 蒲开夫, 朱一凡, 李行力主编. 新疆百科知识辞典. 西安: 陕西人民出版社. 2006.
  4. 何虎生, 李耀东, 向常福主编. 中华人民共和国职官志. 北京: 中国社会出版社. 2003. ISBN 9787800883934.