Амбулатория

Википедия дан
Амбулатория XIX-кылымдын экинчи жарымында
(Хабаровск, Балдардын оору канасы)

Амбулатория (лат. ambulare — жүрүү, басуу) — келген жана үйүндө жаткан сыркоолорго медициналык жардам көрсөтүп, дарылоо жана оорунун алдын алуу иштерин жүргүзүүчү мекеме. Амблаториянын поликлиникадан айырмасы негизги адистер (терапевт, хирург, педиатр, тиш догдур) гана медициналык жардам көрсөтөт. Медициналык жардамдын башка түрлөрүнө муктаж адамдарды башка дарылоо мекемелерине жиберет. Амбулаторияда аймактык-участок принцибинде, башкача айтканда жашаган жана иштеген жери боюнча медициналык жардам көрсөтүлөт. Мында дарылоо иштеринен тышкары оорунун алдын алуу жана санитария-гигиеналык чаралар жүргүзүлөт.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8