Амебиаз

Википедия дан
Амебиаз.

Амебиаз (амёба дизентериясы) — адамдын жоон ичегисин дизентерия амёбасынын жаралантып жабыркатуусунан болгон мите оорусу. Амёбанын туруктуу формасы — циста менен булганган тамак-аш, суу, кол аркылуу адамга жугат. Айрым учурда амёба организмге киргенден кийин оорунун клиникалык белгилери байкалбайт. Мындай адамдар амёба алып жүрүүчүлөр болуп, айлана-чөйрөгө заңы менен амёбанын цисталарын чыгарат.

Циста организмге киргенден кийин 1 жума (кээде бир нече ай) оорунун белгилери болбойт. Ал инкубация мезгили деп аталат. Оору акырындап башталат: алы кетет, тамакка табити тартпай, ичи ооруп, бат-бат (суткасына 10 жана андан көп) ириң, былжыр, кан аралаш ичи өтөт; демейде эти ысыбайт. Дарыланбай же өзүн өзү дарылоодон оору узакка созулуп, өнөкөт түрүнө өтөт.

Ошондой эле оор кабылдоолорго — ичегинин тешилишине, боор, мээ жана башка органдардын абсцессине алып келиши мүмкүн. Амебиаздын диагнозу заңды анализдеп дизентерия амёбасын тапкандан кийин коюлат. Дарылоо врачтын көзөмөлү менен жүргүзүлөт. Ал эми оор учурда ооруканага жаткыруу зарыл. Амебиаздын алдын алууда башка ичеги-карын жугуштуу ооруларындагыдай эле өздүк гигиена эрежелерин так сактоо керек.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]