Аменорея

Википедия дан

Аменорея - (а... жана men - ай, rheo - агуу) этек кирдин келбей калышы. Жыныстык жактан жетиле элек кыздарда, кош бойлуу, эмчек эмизген жана климакс мезгилинде аялдарда байкалат. Анын башка учурларда болушу - кандайдыр бир оорунун белгиси. Аменорея биринчилик (этек кири такыр келе элек) жана экинчилик (мурда келип жүрүп токтолгон) болуп айырмаланат. Аменореянын пайда болушуна түрдүү инфекциялар, ички бездердин оорулары, нерв-психикалык бузулуулар, жүрөк-кан тамыр, кан оорулары, өнөкөт уулануулар, тамак-аштын жетишсиздиги, абдан чарчоо же өтө семирүү ж.б. себеп болот. Кээде энелик безге рентген жана радиоактивдүү нурлардын таасиринен, аборттон, жыныс органдарынын өсүү кемтигинен ж. б. болушу мүмкүн. Аны дарылоо пайда кылган негизги себебине жараша жүргүзүлөт. Жакшы тамактануу, таза абада болуу, климат которуу менен дарылоо, дарылоочу денетарбия, нерв-психикалык эмоциялардан алыс болуу сунуш кылынат. Көбүнчө гормон дарылары колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]