Америка-Панама келишимдери

Википедия дан

Америка-Панама келишимдери - (1903, 1936, 1955, 1977). 1903-ж. Вашингтон келишими боюнча Панама кеңдиги 16,1 км келген каналдын аймагын АКШга түбөлүккө берүүгө аргасыз болуп, АКШ бул жерде Панама каналын пайдаланууга, ошондой эле армиясын кармап турууга укук алган. Компенсация катарында АКШ Панамага 1904-ж. 10 млн доллар төлөгөн. 1912-жылдан баштап жылына 250 миң доллар төлөп турган. 1936-ж. 2-мартта Вашингтондо кол коюлган жаңы келишимде 1903-ж. келишим кайра каралып, АКШнын Панаманы кемсинткен кээ бир жоболору өзгөртүлүп жана алынып салынган. Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин панамалыктар АКШнын бул аймактагы көзөмөлүнө каршы кыймылын активдештиришкен. 1955жылдагы келишимде (Панамада 25-январда кол коюлган) АКШ Панаманын кээ бир жерлерин кайра берүүсү жана аренда акысын 1млн 930 миң долларга көтөрүү каралган. 1967-ж. Панама менен АКШнын ортосунда 3 келишим түзүлүп, анда 1903, 1936, 1955-ж. Америка-Панама келишимдерин алмаштыруу каралган. Бирок бул келишимдер негизги маселени (Панама каналын Панамага кайра берүүнү) чечпегенден кийин, ага каршы кыймыл башталып, келишимдерге кол коюу жана ратификацпялоо белгисиз убакытка чейин токтотулган. 1977жылдагы Америка-Панама келишимдери боюнча мурдагы бардык келпшимдер жокко чыгарылып, 2000-жылдын 1-январынан Панама каналын толугу менен Панаманын суверенитетине өткөрүп берүү каралган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]