Америка искусство жана илимдер академиясы

Википедия дан

Америка искусство жана илимдер академиясы - Америка Кошмо Штаттарындагы эски илимий коомдордун бири. Ал күнүбүздөгү негизги коомдук, илимий жана интеллектуалдык маселелерди жакшыртуу менен изилдөөгө арналган.

Өзүнүн конференциялары жана симпозиумдарды аркылуу бул коом изилдөөчүлөрдүн жаңы муунуна укук берген саясатты, демилгени жаратууга аракет кылат. Ал илимий идеялар менен перспективалардын эркин алмашуусун илгерилетет.

Академияга мүчө болуп кирүү кылдат петиция, карап чыгуу жана тандоо жараяны аркылуу ишке ашат. Ал Америка көтөрүлүшү учурунда Жон Адамс, Жон Ханкок, Жэймс Боудоин жана башка замандаштары тарабынан негизделгенден берки Америкадагы эң жогорку илимий жана коомдук жетишкендик катары кабыл алынып келет. Аталган инсандар жаңы мамлекеттин, анын өкмөтүнүн жана АКШнын баш мыйзамынын түптөлүшүнө эбегейсиз салым кошушкан.

Бүгүнкү күндө академиянын эки функциясы бар: илимий, ишкердик, коомдук иштер, көркөм өнөр тармагынан ар бир муундагы алдыңкы инсандарды мүчөлүккө кабыл алуу жана коомдун муктаждыктарына жооп берүү үчүн изилдөө иштерин жүргүзүү. Академиянын негизги долбоорлору учурда жогорку билим берүүгө, изилдөөгө, гуманитардык, маданий изилдөөгө, илимий-техникалык жетишкендиктерге, саясатка, калк жана айлана-чөйрөгө, балдардын жыргалчылыгына басым жасайт. Академиянын жылына төрт жолу чыккан Dædalus аттуу журналы дүйнөдөгү алдыңкы илимий журналдардын бири деп эсептелет.

Академия Массачусетс штатындагы Кембриж жергесинде жайгашкан.

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]