Америка химия коому

Википедия дан

Америка химия коому (АХК; англ. American Chemical Society, ACS) - химия тармагында илимий изилдөөлөрдү колдогон жана Америка Кошмо Штаттарында жайгашкан илимий коом. 1876-жылы Нью-Йорк университетинде түптөлгөн АХКда учурда бардык даражадагы баскычтарда жана химия, химиялык инженерия жана тийиштүү тармактарда 158,000ден ашуун мүчөсү бар. Бул мүчөлүгү жагынан алганда дүйнөдөгү эң ири илимий коом болуп саналат. АХК 501(с)(3) бейөкмөт уюму болуп саналат жана Америка Кошмо Штаттарынын Кодексинин 36-бөлүмдө каралган конгресстик хартияга ээ. Анын башкы штабдары Колумбия аймагындагы Вашингтон жергесинде жайгашкан жана Огайо штатынын Колумбус жергесинде көптөгөн кызматкерлери бар.

АХК өзүнүн мүчөлөрүнүн кароосунан өткөрүлгөн илимий журналдары, улуттук конференциялары жана Chemical Abstracts Service кызматы аркылуу илимий маалыматтарды сунуш кылган алдыңкы булак болуп саналат. Анын басылмалар бөлүмү 51 илимий журналды, анын ичинде престиждүү Journal of the American Chemical Society жана апта сайын чыккан Chemical & Engineering News соода журналын чыгарат. АХК жылына эки жолу улуттук жолугушуу өткөрүп турат. Анда жалпы химия тармагы камтылат жана белгилүү бир химиянын тармактарына же географиялык аймактарга багытталган чакан конференцияларды дагы өткөрүп турат. АХКнын башкы киреше булагы дүйнө жүзү боюнча химиялык маалымат базасын камсыз кылган Chemical Abstracts Service аттуу кызматы болуп саналат.

Ошондой эле уюм окуу китептерин басып чыгарып, бир нече улуттук химия сыйлыктарын жөнгө салат, илимий изилдөөлөр үчүн гранттарды камсыз кылып, ошондой эле ар кандай билим берүү жана маалыматтык иш-чараларды колдойт.

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]