Аминдөө

Википедия дан

Аминдөө – ар түрдүү орг. бирикмедеги (к-талар, углеводороддор, спирттер жана башкалар) суутек же башка элемент атому амин группасына орун алмаштыруу реакциясы. Реакция белгилүү шартта аммиак таасиринде жүрөт. А. реакциясын аммонолиз деп да аталат. А.натыйжасында баштапкы реакцияга кирген заттка жараша ар кандай бирикмелер алынат. 1) Галогеналканды аммиактын спирттеги эритмеси менен ысытса биринчилик, экинчилик, үчүнчүлүк аминдер аралашмасы (к. Аминдер), ошондой эле аммоний төртүнчүлүк туздары пайда болот. 2) Галогенкарбон к-талар ашыкча алынган аммиак менен аракеттенсе амин к-талар пайда болот.

3) Галогенангидридриддер аммиак менен реакцияга кирип амиддерди пайда кылат.

O O

|| ||

R - C +2NH3  R-C +NH4X

X NH2

О. эле спирттер, кетондор, альдегиддер ж. б. А. реакциясына кирет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]