Амин спирттери

Википедия дан

Амин спирттери амин алкоголдор – мол-сында амин жана гидроксил топтору бар бирикмелер. Мол-сындагы амин жана гидроксил группасы жайгашуусуна жараша алар a-, b-, g - ж. д. у. с. А. с. бөлүнүшөт. Аминдер сыяктуу А. с. биринчилик, экинчилик жана үчүнчүлүк амин топтору болот. Жогорку темп-рада кайноочу негиздик касиетке ээ, аммиак жыты бар, сууда эрүүчү май сыяктуу суюктуктар. Алар олефиндер оксидинин аммиакты же биринчилик жана экинчилик аминдерди кошуп алуусунан, нитроспирттер нитрогруппаларын калыбына келтирүүдөн ж. б. ыкмалар менен алынат. Молекуласында гидроксил жана аминтоптору болгондуктан алар спирттер менен аминдердин хим. касиеттерин толук кайталайт. Мол-сындагы функционалдык топтор бири-бирине тийгизген таасиринин натыйжасында алардын өзгөчө касиеттери да бар. Мис., I-аминспирттерине күкүрт к-тасын таасир кылганда алардын мол-сынан суу бөлүнүп чыгып, иминдер пайда болот:

А. с. практикада эң маанилүүсү этаноламиндер. Алар суу менен бардык көлөмдө алмашуучу коюу суюктуктар. Этаноламиндин ичинен техникада эң маанилүүсү -триэтаноламин [N(CH2-CH2-ОН)3]. Ал СО2 өзүнө жеңил сиңирип алууга жөндөмдүү болгондуктан, газдарды тазалоодо, кездеме өнөр жайларда жана киржуугуч заттар даярдоодо колдонулат. Триэтаноламинден ууктургуч зат «азоттуу иприт» [N(CH</nowiki>2-CH2-Cl)3] алынат. Боор оорусуна даба болуучу холин, негизги гормондор бири адреналин жана кээ бир алколоuддер - (эфедрин, кокаин) дагы А. с. кирет. Холин — организмде зат алмашууга чоң жардам берет. Ал сууда оңой эрүүчү, өтө гигроскоптуу кристалл.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]