Амин фенолдору

Википедия дан

Амин фенолдору (оксианилиндер), NH2C6H4OH – мол. масс. 109. NH2 жана ОН группасынын өз ара жайгашуусуна жараша 3 изомери бар. o- А.ф. эрүү t 174оС, м - А. ф. t 128оС, п - А. ф. 1890-190оС. Алар амфотердүү касиетке ээ. Абада о- жана п- изомерлери окистенип, кочкул күрөң түскө өтөт. м - изомери туруктуу келет. Фенолго салыштырмалуу сульфирлөө реакциясына кыйыныраак кирип, 3-амин-4-гидорксибензол сульфо к-тасын пайда кылат. о - А. ф. к-танын ангидриддери менен реакцияга кирип, гетероциклдүү бирикмелер болгон 1,3-оксазол, же 2-метил - 4,5-бензоксазол - 1,3 өтөт. п-А. ф. күчтүү калыбына келтиргич, оңой окистенип п-бензохинонду пайда кылат. м-А.ф. ө.ж. мета амин сульфок-тасынын Nа тузунан алынат:

п-А. ф. 4-хлор нитробензолду щелочь менен балкытып, басым астында ысытуудан синтезделет:

А. ф. азобоёк өндүрүүдө, сүрөт ишинде, тери боёoдо колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]