Амирабад маданияты

Википедия дан

Амирабад маданияты – байыркы Хорезм аймагындагы соңку коло дооруна (б. з. ч. 9-8кылымдар) таандык археологиялык. маданият. 1937-40-ж. Каракалпак Республикасынын Амирабад каналынын аймагында эски турак-жайларды казуу убагында табылган.Аны археолог С. П. Толстов изилдеген. А. мад-тынын калкы уруучулук коомдо жашап, сугат дыйканчылыгы, мал чарбасы менен кесип кылган Амирабад маданиятына түбү жалпак, капталы көтөрүңкү, жылмаланган карапа идиштер, ортосунда чоң коломтосу бар жерүйлөр мүнөздүү. Якке-Парсан 2 туракжайынан жалбырак формасында колодон жасалган жебенин учтары жана аны куя турган калып табылган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]