Амир Кебир (Улуу вазир)
امبر کبیر Амир Кебир (Улуу вазир) Ирандын белгилүү инсаны (1807-1848-жыл 4-сентябрь айында Хавазе айылында жарык дүйнөгө келген). Насреддин шахтын заманында Хаж мирза Ресиден кийин жана Мирза Агахан Нуриге чейин вазирь (премьер-министр же улуу вазир) болгон. Чыныгы аты: Мирза Таги-хан Амир-Незам, ал1848-жылы 4-сентябрь дүйнөдөн кайткан
Өмүр баяны
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Мирза Мухаммед Тааги-хан Фарахани 1807-жылы Эракта жарык дүйнөгө келип, 1852-жылы 11-январда жарык дүйнөдөн кеткен. Ал Амир Кабир аты менен таанымал болгон жана Иранда Насиреддин Шах Кажардын заманында эң жогорку мамлекеттик мансаптагы инсандардын бири болгон. Амир Кабирдин жубайы Иззатодоле Насиреддин Кажардын бир тууган карындашы болгон жана кызы Таж альМольктун Музаффареддин Шах Кажар менен баш кошкондуктан Кажар династиясынын бешинчи шахы, алардын алтынчы чоң атасы болуп Мухаммед Шах да эсептелген. Ал мамлекеттин мансапка ээ болгондо койгон жаңы реформалары анын кыска мөөнөттөгү ишмердүүлүгүнүн аягына чейин уланган. Анын мамлекеттик мансабы 39 ай башкача айтканда 3 жыл 3 ай болгон. Анын буйругу менен Тегеран шаарындагы илим, билим жана жаңы технология университети ачылып, ошол эле Дар ул фунун жогорку окуу жайынын негиздөөчүсү болгон. Андан тышкары Вагейи Эттефагие (Акыйкат окуялар) гезитин чыгаруу да анын ишмердүүлүктөрүнүн катарын толуктайт. Сардар Азизхан Мукри Амир Кабирдин күйөө баласы Насиреддин шахтын лидери болгон. Амир Кабир шахтын айланасындагы адамдар тарабынан куугунтукка алынгандан кийин өз ордун бошотуп Кашанга кетет жана Насиреддин шахтын буйругу менен өлүм жазасына тартылган.
Бала чагы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Мирза Теги Фарахани 1807-жылы Хавазе айылында (Эрак аймагында) жарык дүйнөо келген. Анын атасы Карбалаи Курбан мурунку приемьер-министрдин ашпозчусу болгон. Анын апасы Фатеме узак өмүр сүрүп, эки уулунан б.а. Мухаммад Таги менен Мухаммад Хасандан кийин көз жумган. Амир Кабир мурунку премьер-министрдин үйүндө тарбияланып билим алган жана жаш кезинен башкы секретарь кызматына ээ боло алган.
Үй бүлө куруу жана балдары
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Амир Кабир эки жолу үйлөнгөн. Биринчи үйлөнгөн жубайы Хаж Шахбазхандын кызы (Амир Кабирдин агасынын кызы) “Жан Жан Ханум” болгон. Доктор Пулактын жазгандарына караганда Амир Кабир премьер-министрлик кызматты аркалап жүргөн заманда биринчи жубайы менен эки айрылыш жолго түшкөн жана андан көп өтпөй Жан Жан Ханум Азербайжанда дүйнөдөн кайткан. Ал эми Амир Кабирдин экинчи жубайы Насиреддин Шахтын бир тууган карындашы Малекзаде Иззатодоле айымга 1849-жылы 15-февраль айында үйлөнгөн. Ал Мухаммад Шах Мех Олиянын кызы болгон жана он алты жашында Амир Кабирге турмушка чыккан, ал эми Амир Кабир болжол менен 43 жаш чамасында болгон. Бул үйлөнүү Насиреддин Шахтын каалоосу менен болгон жана мындай маалымат Амир Кабирдин падышага жазган катында төмөндөгүдөй деп айтылган: “Кыбыла бүт ааламга маалым болгондой эле, мен да алгач бул шаарда үй жайлуу болуп үй бүлө күткүм келген эмес, бирок Сиздин кызматыңыздын өркүндөп өнүгүүсү үчүн мындай кадамга бардым”. Амир Кабирдин алгачкы жубайы Жан Жан ханум менен 3 балалуу болгон. Амирзаде аты менен белгилүү болгон Мирза Ахмад Хан Сайед АльМольк. Ал генерал-губернатор Монар АльСолтандын кызына үйлөнгөн. Ал эми экинчи жубайы Малекзаде Иззатодоле менен эки кыздуу болгон, алардын бири Таж АльМольк Ханум, ал эми экинчиси Хамдем АльМольк Щанум болгон.
Мамлекттик ишмер жана өкмөт башчы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Мирза Таги хандын эң алгачкы саясий мансабы Грибоедов Иранда өлгөн соң, Иран мамлекети орустардан кечирим суроо максатында Амир Кабирди Хосроу Мирзага катчы кылып жөнөтөт. Амир Кабир бул сапарында болжол менен 22 жашта болгон. Анын экинчи мамлекеттик жоопкерчиликтүү иши салтанатту расмий иш чара болгон. Ал Азербайжандын ички иштер министри Насиреддин Мирзаи Вали менен жана орус падышасы менен жолугуу үчүн Ереванга барган убак эле. Анын эң орчундуу жана маанилүү мамлекеттик кызматы 1880-жылы өткөн Осмон ипмериясы менен Персиянын чек ара келишпестиктерин чечүү максатында өткөн Эрзурум анты конференциясына Ирандан барган өкүлдөрдү жетектеп баруу болгон. Ал бул кызматты эки жыл аркалаган. Мухаммад Шах 1848-жылы 4-сенябрда ишенби күнү кечинде дүйнөдөн кайткан жана бул кабарды Великобританиянын элчилиги Табриздеги Насиреддин Мирзага жөнөткөн. Насиреддин Шахтын кызматчысы Мирза Фазл Аллах Насир АльМольк Шахтын алгачкы иш чарасын кылуу үчүн Тегеран шаарына келип Мирза ТагиХанды ал жоопкерчиликке дайындаган. Ал убакта Мирза Таги болгону 30 миң туман, 1 табриздик соодагер жана чакан аскердик кулар менен Шахты коштоп Тегеранга сапар алган. Ошентип Шах 6 жумадан кийин Тегеран шаарына жетет. Мирза таги Хан жаш Шахтын намысын коргоо максатында, шахтын бир канча эң жакын досторунун Тегеран шаарына келүүсүнө тоскоол болгон, анын себеби ал достор Насиреддин менен бала чактан дос болушкан жана жаңы шах титулун сыйлашпайт деген. Бул убакыт аралыгында Мехд Олия Тегеранда Англия элчилиги менен элдин мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жөнүндө сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп аткан жана буга байланыштуу Кум шаарына отурукташкан Ага Хан Нурини Тегеранга чакырган. Өзүн премьер-министрдин эң негизги талапкеримин деп билген Мирза НасирАллах Альмамалек Хажи Мирза Агасинин үйүнө жашап, кытайлар менен тымызын Мирза Таги Ханга каршы иш чаралар менен алек болгон. Бирок Тегеранга келген Шах күтүүсүздөн Мирза Таги Ханды премьер-министр кылып шайлайт да Амир Кабир деген наамды ыйгарат. Ал эми 1848-жылы 20-октябрда Насиреддин шах тактысына отуруп Амирди премьер-министр кылып дайындаган жана шахтын буйругу төмөндөгүдөй болгон: Ирандын бардыгын Сиздин колуңузга тапшырдык, Сизди өлкөдө боло турган бардык жакшылыктар менен жамандыктардын жоопкерчиси деп билебиз. Сизди бүгүндөн баштап Ирандын биринчи адамы кылып дайындадык, Сиз элге адилетүү мамиле кыласыз деп ишенебиз. Сизден башка эч бир адамга ишенбейбиз, андыктан бул саптарды жаздык. Амир Кабирдин премьер-министрлик кызматы башталгандан 4 ай өтүп, анын каршылаштары тарабынан эң биринчи баш аламандык болгон. Ал сепилди кайтарган азербайжандык аскерлери тарабынан уюштурулуп Тегеран шаарында өткөн. Бул баш-аламандыкта 2500 аскер Амир Кабирдин үйүн курчоого алып, анын кызматтан кетишин талап кылышкан. Андан кийинки күнү Амир Кабирдин үйүнүн сакчылары менен аскерлердин ортосунда уруш чыгып, үй сакчыларынын экөө көз жумган. Ошентип Амир Кабир Мирза Агахан Нуринин үйүнө барууга мажбур болот жана көтөрүлүш мечиттин Имамы Мирза Абулкасым, Аббас Хан сыяктуу адамдардын жардамы менен басылган. Бул көтөрүлүштө Тегеран эли дүкөндөрүн жабышып, жумуштарын токтотушуп Амир Кабирди колдоо үчүн көтөрүлүштөргө каршы чыгышкан. Амир Кабир чет мамлекеттер менен өзгөчө европалыктар менен мамиле түзүүгө өтө чоң маани берген. Ал Мирза Мохаммад Али Хан Ширазини өлкөнүн тышкы иштер министри кылып дайындап, мамлекеттин чет мамлекеттердеги элчилерине мындан ары баардык маселелерди өлкө шахына же премьер-министрге кайрылбастан түздөн түз тышкы иштер министрине кайрылып, баардык маселелерди аны менен чечүүсүн кабыл алган. Амир Кабир Лондондо жана Санкт Петербургда Иран элинин дайымкы элчилигин ачкан. Ал өлкөнүн чет мамлекет менен болгон мамилесин жакшыртуу максатында котормочулар коммиссиясын түзгөн жана Мирза Мальком Хан коммиссиянын эң белгилүү мүчөлөрүнүн бири болгон.
Ишмердүүлүгү жана окуялар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Дар ул фунун университетинин ачылышы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Амир Кабир премьер-министр болуп турган учурда Дар улфунун медресеси (жогорку окуу жай) жети багыты менен ачылган. Ал Ирандын эң алгачкы жаңы медресеси болгон жана Кажардын шахзаадалары (уулдары) алгачкы билимин ушул жерден алышкан. Бул медреседе жаңы илимий окуу ыкма менен инженерия, медицина, технология багыттарында жаштарга билим берип, окутушкан. Медресенин мугалимдеринин көбү Европа өлкөлөрүнөн, өзгөчө Италия, Испания, Франция жана Австрия сыяктуу өлкөлөрдөн келишкен. Амир Кабир аталган жогорку окуу жай ачылып, иштеп баштаган маалда ээлеген кызматынан бошоп, Кашан шаарынын тургуну болгон, бирок көптөгөн каршылаштарына карабай Мирза Агахани аталган жогорку окуу жайдын ишмердүүлүгүн ийгиликтүү уланткан. (тактоо зарылчылыгы бар).
Вагейи Эттефагие гезитин чыгаруу
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Вагейи эттефагие гезитинин эң алгачкы чыгарылышы Насиреддин Шах Кажардын башкаруу доорунун үчүнчү жылында 1851-жылы 7-февралда Амир Кабирдин жардамы менен жарыкка чыккан. Амир Кабирдин буйругу менен аталган гезитти айлык маянасы 200 тумандан ашкан ар бир мамлекеттик кызматта иштеген кызматкер сөзсүз түрдө алуусу керек болгон. Бул гезитте өлкө ичиндеги баардык жаңылыктар, анын ичинде жогорку кызматка дайындалган жана кызматтан бошотулган кызматчылар, соттук иштер, мамлекттик чиндерди жана сыйлыктарды ыйгаруу сыяктуу маалыматтар чыгып турган жана анын кээ бир сандарына Иран мамлекетинде болуп өткөн маанилүү окуялар басылып чыгарылган. Ал эми чет элдик жаңылыктар бөлүмүндө, көбүнчө Европа мамлекеттерине таандык жаңылыктар чыгып турган. Андан тышкары, аталган гезитте окуялар барагы да камтылган. Вагейи Эттефагие гезитинин биринчи саны чыккан күндөн бир жыл өтпөй эле, гезиттин 49унчу санына Амир Кабирдин дүйнөдөн катйканы тууралуу кабар чыгарылган.
Салык (налог) кырдаалын жөнгө салуу
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Амир Кабир премьер-министрлик кызматта иштеп турган маалда паракорлукка каршы күрөшкөн. Ал мамлекеттен түшкөн баш-аламан жана эсеби жок пайдаларды токтоткон. Ал шахтын айлык маянасын айына 2000 туман кылып азайтын анын ай сайын иштөөсүнө шарт койгон. Андан тышкары Хаж Мирза Агасинин эсепсиз алган акчаларын токтоткон. Амир Кабир салык мыйзамын түзүп, киреше жана чыгашаларды жөнгө салган. Ал Хажи Мирза Агаси прьемер-министр болуп турган маалда мамлекеттин фанансылык абалы баш-аламан болуп, казына бош калган. Казынада болгон накталай акчалар жогорку чиндеги кызматтарга жана аалымдарга берилип, андан калганы дискредитацияланган. Амир Кабир премьер-министрликке келген убакты төлөнбөгөн эсептер абдан коп болгон. Ал мамлекттеги салык жана финансылык маалыматтарды жаңырткан (көбүнчө Керимхан Зенд учурундагы салык дептерченин негизинде жазылган). Ал кээ бир пенсияларды кыскартып кээ бирлерин көбөйткөн жана төлөнбөгөн чыгымдарды төмөндөтүп, мындан ары мындай баш аламан чыгымдардын болбоосуна буйрук берген. Амир Кабирдин учурунда мамлекеттин накталай кирешеси 3 миллион туманга жеткен жана эң көп салык кирешеси Айзебайжандын салыгы 620 миң туман болгон. Ошол жылы мамлекеттин чыгашасы 2 миллион 600 миң туманды түзгөн. Андан тышкары, ал мамлекттик кызматкерлер үчүн атайын айлык акы бекиткен. Иранда өкүмөт башкарып турган маалдын көбүнчөсү демократтар жана алардын аскерлери салыктан тышкары белек катары тамак-аш, сый акы жана башкаларды элден талап кылып турушкан. Бул экөөнөн тышкары паракорлук да абдан күч алган. Амир Кабир өлкөдөгү салык маселесин жөнгө салган соң, баардыгына мыйзамсыз түрдө акча алууга тыйуу салганга жана мамлекеттик иш аракеттердеги төлөмдөр өз убагында жүргүзүлүүсүнө буйрук берген. Амир Кабир кызматка келгенге чейин мамлекттик кызматкерлер жана аскерлер элдин менчик ишмердүүлүгүн текшерип, алардан салык алып, кээде алардын мүлкүн конфискациялап турушкан. Амир Кабир “Реквизиция талабы” деп аталган мындай жоосунга тыйуу салып, Азербайжан артиллеристтери менен Каср-е Ширин аскерлери сыяктуу бир нече нерселерди жоопто тартып, алар келтирген чыгымды кайра төлөткөн. Мындай адилеттүү иш-чаралар коомдук жана мамлекеттик гезиттерге жарыяланып турган. Амир Кабирдин буйругу боюнча мамлекеттик кызматкерлер мамлекеттин буйругун так аткарып туруусу зарыл, ал эми мамлекеттик кызматкерге аткарган жумушуна жараша айлык акы төлөп турган. Амир Кабирдин дагы бир өзгөчөлүгү эч качан эч бир жандан белек алган эмес жана паракордук деген түп орду менен жоюлуш үчүн мамлекеттик кызматкерлерден да эч качан эч бир жандан белек албоосун талап кылган.
Титулдарды жана аттарды өзгөртүү
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Амир Кабир титул же макам берүү, наам берүүнү коомдук зыянчылык деп билген жана башкалардын ысымын атаганда, жада калса ал адам премьер-министр болсо да “Жаноб” (Мырза) деген сөздү айтуу жетиштүү деп билген (тактоо зарыл).
Социалдык реформа
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Амир Кабир шаарда жана көчөлөрдө курал-жарак алып жүрүү салтын, алдамчылык, каракчылыкты жоюуга буйрук берген жана курал жарак алып жүрүүгө таптакыр тыйуу салган. Амир Кабирдин бул иши көптөгөн диний аалымдардын нааразычылыгын жараткан (тактоо зарыл). Ал шахзаадалардын жана хан сарай кызматкерлеринин айлык маянасын кыскарткан.
Каравольхане куруу (айылдарда же ага кире бериш жерде атайы тыныгып эс алуу үчүн курулган жайлар)
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Амир Кабир мамлекеттин ар кандай аймактарына 40 каравольхане курууга буйрук берген жана алардын ар бирине 12 ден сакчы дайындаган.
Мамлекеттик чапарханелерди калыбына келтирүү
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Амир Кабир мамлекеттик Чапарханелерди (Чапархане – бул талааларда жайгашкан атайы эс алуу, жолоочулардын аттарын суутуп, эс алдырчу жай) жакшыруу, калыбына келтирүп, аларды почта жүргүнчүлөрү кеңири колдонуу үчүн даярдаган.
Аскер түзөмүн жөндөө
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Амир Кабир Аскердик машыгуу жана курал жарактарды колдонуу аттуу окуу китебин түзгөн жана администрация тарабынан түзүлгөн баш аламан иш орундарын жоюп, кээ бир уюштуруу системасындагы пайдасы жок бөлүмдөрдү жана кээ бир аскердик кызматкерлердин позицияларына каршы иш чараларды көргөн жана адистиги жок адамдарга мансап берүү салтын жойгон. Ал мамлекетте ок-дары чыгаруучу завод курдуруп, алардын ичинде Вардех айылына жана Береганга курдуруп, ал аймактарга бир нече жолу барган. Амуниция (аскер кызматындагы адамдын мылтык жана кийимден башка жарак-жабдыктары) куруу Амир Кабир премьер-министр болуп турган чакта өнүккөн. Андан тышкары Табриз шаарындагы пушка чыгаруу, ок-дары чыгаруу кайрадан өнүгүп өскөн. Аскерлердин кийим-кечелери тартипке салынган жана Амир Кабирдин буйругу менен аскерлердин аскер кийимдери иран парчасынан тигиле баштаган.
Диний реформалар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Амир Кабир аза зыйнаттары өткөрүүгө каршы жана роузеханиге (шиилердин шейит кеткендердин өлүмүн айтуу) оңдоолорду киргизүү үстүндө көп иштеген. Ал диний аалымдарга өзгөчө урмат көрсөткөн бирок, ага карабай Тегеран мечитинин аалымы Мирза Абулкасым жана аны менен бирге көптөгөн диний аалымдар ага каршы чыгышкан.
Шуштар элин исламга чакыруу
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Амир Кабир премьер-министр болуп турган маалда аймактагы көтөрүлүштүн айынын, 80 пайызы мандеи гностикалы динин кармоочу болгон Шуштар тургундары кан төгүлүүнүн алдын алуу үчүн ислам динин кабыл алышкан.
Сейдали Мухаммад Бабты өлүм жазасына тартуу
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Амир Кабирдин буйругу менен Сейид Али Мохаммад Баб Азербайжандын Чехриг дөңсөөсүндө зынданга тартылып, табризде атылган.
Мухаммад Хасан-хан Салардын көтөрүлүшүн басуу
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Мохаммад Хасан Хан Салар, Хорасан шаарынын губернатору сепаратизмдин жактоочусу болгон. Ал Насиреддин Шахтын доорунда Хорасан аймагын Ирандан бөлүү максатын көздөп көтөрүлүш жасаган. Амир Кабир Хорасанга аскердик бөлүк жөнөтүп, эгер басылбаса Саларды жана анын тарапташтарын өлтүрүү жөнүндө буйрук берген. Аллахйяр Хан Асефоддолех Фатхали Шахтын күйөө баласынын атасы болгон жана Мохаммад Шатын бир тууганы болгон. Асиф аль-Давла Иран-Орус согушундагы Ирандын жеңилишине себеп болгон негизги адамдардын бири болгон, ошо себептен улам мамлекеттик кызматтан четтетилген жана Мирза АбулКасым Фарахани Хорасан шаарынын дептутаты болуп дайындалган. Ал эми, Мирза Абул Касым Фарахани өлтүрүлгөндөн бир канча жыл өтүп анын уулу Мохаммад Хасан Хан Салар хаджга барып Багдаддын тургуну болуп, ал жакка жашап калган. Асефоддолех жана анын баласы Британия мамлекетинен жардам алып турушкан. 1883-жылы Мохаммад Шах Малар коомдук көтөрүлүш чыгарып, Хорасандын кээ бир хан төбөлдөрүнүн жардамы менен Хорасандын жаңы бийлигин жеңе алган. Ошентип Амир Кабир премьер-министрлик кызматка келгенде Хорасандын акыбалы абдан оор эле. Мохаммад Шах дүйнөдөн кайта электе Хорасанды башкаруу үчүн шайланган Амир Хамзе Мирза Хешмат аль-Давла Саларды жеңип Хорасандан кууп чыга алган эмес жана аны ордуна ал аймакты жана мамлекеттик аскер тобун башкаруу үчүн Султан Мурад Мирзаны жөнөтүшкөн. Ошол маалда Британиянын мамлекеттеги консулу Хорасан өкүмөтүнүн Салардын кызыкчылыгы үчүн күчтөнүшүнө абдан аракет кылган жана Салар Британия өкүлү аркылуу Амир Кабир менен Шахка жагалданган кат жазган. Бирок Салардын жана Хорасандагы Британия өкүлдөрүнүн иш-аракеттери Амир Кабирдин оюн өзгөртө алган эмес. Амир Кабир Салардын Хорасан аймагынын жаңы шайланган өкүмөтүнө баш ийүүсүн талап кылып, чет элдик өкүлдөрдүн кийлигишүүсүнө жол берген эмес. Ал эми ошол заманда Багдадда жашаган Асефоддолех уулун мамлекетке каршы туруусуна демилге берип турган. Ошол заманда, Салар менен анын хорасанга багынуусу жөнүндө ага колдоо көрсөтүлөөрүн айтып сүйлөшүү жүргүзүү үчүн Амир Кабир Салардын агасы Нум Мухаммад Хан Кажар менен Солейман Хан Афшарды жиберген. Нишабурда СулейманХан Жафарколи Хан Канд Шадлоу шаардын башчысын Саларды колдоодон баш тартууга көндүргөн, ошентип Салардын мүмкүнчүлүктөрүн чектелген. Ал эми Салар Амир Кабирдин тынчтык жолу менен кылган иш-аракеттерин өкүмөттүн алсыздыгы деп эсептеп багынып берүүдөн баш тарткан. Амир Чорагали Хан Калхорду сүйлөшүүгө жөнөтүп, аны менен бир заманда мамлекеттик аскер тобун Мешхедке жөнөткөн. Салар борбордук өкүмөткөн багынуу шартын Хорасан өкмөтүнүн атынан өзүнө жарыя кылган. Чараг Али Хан Мешхедке кирип, Салар жана андагы диний аалымдар менен сүйлөшүү жүргүзөт. Натыйжада Мешхед шаарынын диний аалымдары Салардын колдоосу менен Чараг Али Ханды Мешхедден сүрүп чыгып өлтүргөнгө чейин барышат. Чараг Али Хан алардын алдап-соолап Мешхедден чыгып Хабушан районундагы Султан Мурад Мирза башкарган лагерьге араң жетет. Султан Мурад Мирза ал тапта Амир Сепахтын буйругу менен Мешхед тарапка жол тартып, шаарды толугу менен курчоого алган. Ошол маалда Британия менен Россиянын өкүлдөрү Мешхед шаарын жана Саларды чабуулда коргоп калуу аракетин көрүшөт бирок, алардын өжөрлүк иш-аракеттери, коркунучтары натыйжасыз болгон. Ал эми, Салардын режимине адбан нааразы болгон Мешхеддин тургундары Аббас Гали хан менен Бахадо Хан Жамиге өз өкүлдөрүн жөнөтүшүп, жаңы шахка баш ийүүгө макул экенин билдиришкен жана Амир шаарды оккупациялоо маалында шаардын тургундарынын коопсуздугун жана мүлкүн камсыздоо тууралуу сөз берген жана ал сөзүн толугу менен аткарган.
Амир Кабирдин тышкы саясаты
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Амир Кабир Мамлекеттин Тышкы иштер министрлигинин системасын жакшырткан. Лондондо, Санкт Петербургда Иран мамлекеттинин дайымкы элчилигин ачып, Бомбейде, Осмон империясы жана Кафказда консулдук бөлүмдөрдү ачкан жана мамлекеттин тышкы иштер министрлигиндеги документтерди, кадрларды тартипке келтирүү иштеринде да Амир Кабирдин салымы чоң. Амир Кабир тышкы саясат тууралуу белгилүү болгон “Терс баланстуу саясат” кабыл алган. Анын негизинде ал “Орустарга да англистерге да эч бир тышкы күчкө эч кандай мүмкүндүк бербейм” деген. Амир Кабирдин Терс баланстуу саясатын киргизип, болгону бир кана жолу туура эмес иш кылган, ал да Ашурадагы түркмөн чабуулу маалында бир канча орус аскерлери өлтүрүлүп, орустар Мазандаран губернаторунун кетүүсүн талап кылышкан жана алардын кысымы күчтүү болгондуктан Амир Кабир губернаторду кызматтан кетирген учурда болгон. Ал убакта англиялыктар бийликтин алсыздыгын пайдалангысы келген жана кулчулукту аларды сатуу менен күрөшөбүз деген шылтоо менен түштүктөгү кеме аркылуу жүк ташууну көзөмөлгө алышкан; албетте Амир Кабир бул келишимде ирандык көзөмөлчүлөр сөзсүз түрдө болушун андагы беренелердин биринде чагылдырган. Амир Кабир орустар менен англиялыктардын Ирандагы күч кубатын алсыздандыруу үчүн Франция ойун билип, Американы Ирангы кызыктыргысы келген; ошол себептен Американын мамлекеттеги элчилиги жана консулдугу менен кеме аркылу жүк ташуу келишимин түзгөн.
Амир Кабир жана анын руханий байлыгы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Амир Кабир руханий байлыктарга абдан маани берген. Анын Тегерандагы руханий ишеничи, тиреги Шейх Абд аль Хосейн Тегерани болгон жана Амир Кабир ага борбор калаанын казысы кызматын ишенип берген.
Минситрдин иштен кетүүсү жана Амир Кабирдин өлүм жазасына тартылуусу
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Теребел
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Мохаммад Шах өлгөн соң, 1848-жылы 3-сентябрда жаңы шахтан болжол менен 30 жыл улуу Амир Кабир атчан жана жөө алты аскердин жардамы менен шахтын артиллериясынын күчү менен жаш шахты тактыга отургузган. Ал заманда Мирза Таги Хан Амир Незам макамын алган жана аскердик күчтүн баардыгынын башында турган. Насиреддин шах анын эртеси күнү борбор калаага барып тактыга олтурган жана ошол эле түнү Амир Незамды мамлекеттин премьер-министри кылып дайындаган. Кажар падышаччылыгы башкарып турган заманда бардык административдик жана аскердик иштерди бир адам башкарган. Амир Кабирден кийин аскердик бөлүктү толугу менен өзүнүн көзөмөлүнө алган, ал эми Ага Хан Нуриден кийин мамлекеттен бир нече министрликтер ачылган.
Министирдик иштен кетүүсү
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Насиреддин шахтын доорунда Амир Кабирдин кызматта болуусу шахтын апасы Мехди Алия, Эттемадодоле жана Мирза АгаХан Нури сыяктуу кээ бир шахтын жакындары тарабынан карама-каршылык жаралган. Булардын иш-аракети Амир Кабирдин кызматтан кетүүсүнө себеп болгон. Ал эми өз кызыкчылыгын көздөгөн кээ бир мамлекттик кызматчылар Амир Кабирди монархияны өз кызыкчылыгына колдонуп атат деп күнөөлөшкөн. Ошентип 1951-жылы 11-ноябрда (Амир Кабир өлөөрүнө 2 ай калганда) Насериддин шах кол кат жиберүү менен аны кызматтан кетирген.
Премьер-министрлик кызматтан кеткенден кийин
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Насиреддин шах Амир Кабирди премьер-министрлик кызматтан алган соң ачуулука алдырып, 15-ноябрда Амир Кабирге бир канча убакыт ал өзү премьер-министрлик кызматты жүргүзөөрү жана эч бир аскердик топ ага кийлигише албасына басым жасап кат жазган. Ал каттын мазмуну төмөндөгүдөй: “Улуу урматтуу аскер амири, Аллах таалам үчүн жазып жатканымдын баары чындык. Сизди чын дилимен урматтап, жакшы көрөм жана сизден баш тартсам Кудай таала мени өлүм жазасына тартаар...”. Амир Кабир аталган катты алган соң, шахка жолугуп анын оюн өзгөртүүгө аракет кылган. Аны өзүнүн тегерегиндегилер жамандаганы күмөнсүз эле, бирок шах жолугушууну анын эртеси күнүнө жылдырат. Ошентип шахтын Амир Кабирди кызматтан кетирүү боюнча буйругу чыккан соң, Амир Кабир Шахтын ага болгон оюн биле алган эмес. Анын кетирген соңку катасы Шахтын тактыга отуруу аземине катышпагандыгында. Мындай мамиле шахты ого бетер ирээнжитип, көңүлүн калтырган жана шах Амир Кабирге 12 пункттан турган милдеттемеге кол койууну суранышкан.
Айыл аймактарды башкаруу сунушу
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Жогоруда айтылган көрүнүштөрдөн соң Амир Кабир менен шахтын мамилеси башка нукка түшкөн. Нури жана башка мамлекеттик кызматкерлер Амир Кабирдин Аскер амири (башысы) деген наамынан баш тартуусун талап кылып, областтардын бирин башкарууга жиберүүсүн талап кылышкан. Амир Кабир алгач Фарс провинциясын, андан соң Исфахан, Кум шаарларын башкаруу сунушун киргизишкен, бирок Амир Кабир ал сунуштарды четке каккан. Ал шахтын ага болгон мамилесин эске алып эгерде Тегеран шаарынан башка шаарга кетсе эле өмүрүнө коркунуч тууларын сезген. Ошол маалда Англиянын министри аларга ортомчу болууга даярдыгын билдирген жана эгерде Амир Кабир Кашанды башкаруу үчүн барса анын коопсуздугу, өмүрү жана үй-мүлкү Британиянын колдоосу менен сакталат деп макулдашышкан.
Орус министринин кийлигишүүсү
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Орус министри Амир Кабирдин Британия министринин кийлигишүүсүнө муктаж экенин түшүнгөн соң Россия императорунун жардам берүү сунушун берген. Мындай сунуштан кийин Амир Кабир шахтын сунушун кабыл албаганын, кашанга барбай турганын жарыя кылат. Ошентип Биртания элчилиги бул кийлигишүүдөн өзүн четтетип, элчиликтин жанында жайгашкан Амир Кабирдин үйүн элчиликтин имараты деп жарыя кылышкан жана Орус казактары ошол маалда Шахтын бир тууганы (Амир Кабирдин жубайы) менен Шахтын апасы жашап аткан Амир Кабирдин үйүн курчоого алышкан. Мындай көрүнүш бир кана саясый ойлорду эмес шахтын өздүк абройуна да шек келтирип, Насиеддин шахтын каны кайнап, эмне кылаар айласын таппай жинденген. Ал эми Нури болсо мындай акыбал Тегеран шаарынын тургундарынын катышуусу менен массалык баш-аламандыкка учураарын айткан. Шах жеке өзү өзүнүн замандаш молдосу менен Амир Кабирге барып, анын моюнуну үзүп алууну чечет. Ошол маалда Россиянын министри өз оюнан баш тартып, Амир Кабирдин үйүн курчоого алган казактар артка кайтышат. Ошентип, күн баткандан 3 саат өткөн соң Амир Кабир камакка алынган.
Бардык мамлекеттик даражаларын жокко чыгаруу
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Ошол жылы ноябрдын 21и күнү Амир Кабир камакка алынган күндөн бир күн өтүп ага берилген баардык мансаптар, даражалар жокко чыгарылган жана мындай куугунтук 40 күн созулган. Күзөтчүлөргө Амир Кабирге сый урмат менен мамиле кылуу жөнүндө буйрук кылышкан. Анткени Амир Кабирдин мамлекеттик кызматтардагы каршылаштары аны шахтын оюн өзгөртүп, ишеничине кирип кайрадан бийликке келет деп божомолдошкон.
Өлүм жазасы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Амир Кабирдин Кашандагы мончодо өлтүрүлүшү. Амир Кабир өлөөр күнү эртең менен эрте Тегаерандан Шахтын Амир Кабирге карата чыгарган өкүмү келээри жөнүндө кабар тараган. Иззатодоле абдан тынчсыздануу менен мындай кабарга ишенбеген. Бирок Амир Кабир кабарды угуп ага ишенгендиктенби, айтоор мончого түшүп жуунуп, тазаланган. Хаж Али Хан Фараш Фин бакчасына келип, мончонун жанынан мамлекеттик катчыны көрүп, каттын жообун алуу максатында Амирдин мончодон чыгышын күтүп калган. Ади Хан Фараш аны колунан кармап, өзү менен кошо мончого алып киргенде, мончонун кызматкерлери мончонун экинчи эишигин бекитишкен. Амир Кабир Кудайга абдан ишенип, сыйынган жана Али хандан эмне себептен бул ишти өз жоопкерчилигине алганын сураган. Амир Кабир Иззатодолеге насаат калтырайын деген ойдо ага жакындаганында Али Хан уруксаат берген эмес. Ошентип 1852-жылы 10-январь күнү Амир Кабир Кашан шаарындагы Фин бакчасында өлтүрүлгөн. Анын колу-бутундагы кан тамырларын кесип, кан шорголоп агып баштагандан бир аз убакыттан өткөн соң Али Хан Фараш анын башын кесүүгө ишара кылган. Ал бутундагы өтүгү менен Амирдин эки ийнинин ортосуна тээп өлүк-тирүүсүн текшерип көргөн бирок ал көпкө чейин тыбырчылап жашоо менен алпурушуп жаткан Амир Кабирдин кекиртегин жүз аарчысы менен кысып жанын чыгарган. Ошол замат Фараш ордунан тез туруп “мындан башка ишибиз жок” деген да жанындагы жан-жөкөрлөрү менен Тегеранды көздөй аттанган.
Жерге берүү
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Амир Кабирдин жаназасын алгач Кашан шаарында жерге беришкен. Мирза Мухаммед Жафархандын айткандары боюнча “Насирдин акыйкаты” аттуу белгилүү китепте “Амир Кабирдин жаназасын, ал өлгөн күндүн эртесинде Кашан шаарныдагы “Мешхед артында” бейитине жерге беришкен. Андан бир нече ай өткөндөн кийин Иззатодоле жубайынын өтүнүчү менен анын жаназасын Кербелага алып кетишкен жана эшиктери Имам Хосейндин күмбөзү тарапты караган күмбөзгө коюшкан жана анын күмбөзүнө төмөнкү ыр саптары жазылган.
- Наадандык сени жок кылды Амир
- Мийиздүү бычак сага такалды Амир
- Бактыңды байлап сени талкалап Амир
- Шорголоп бир акты канын ай Амир
Иш аракеттер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Амир Кабир өлгөндөн үч күн өтүп Вагейи гезити “Мирза Таги Хан жакшылык көрбөйт, анын бети-колу, буттары шишип кетти”, ал эми андан эки күн өтүп “Мамлекеттин Аскер Амири жана премьер-министри Мирза Таги Хан бейшемби күнү кечинде Кашан шаарында дүйнө салды” деген кабарларды жазып чыккан. Россия менен Англия Амир Кабирди өлүм жазасына тартылгандыгы үчүн абдан чоң нааразы болушкан. Англиянын тышкы иштер министри абдан курч мүнөздө кат жазган, жада калса каттын мааниси туура бериш макчсатында аны Лондондо да которткон. Бул катта төмөндөгүдөй деп жазылган: “Англия мамлекети мыкаачылык жана кар мүртөздүк менен ишке ашкан кабарды укту... кандай болсо да бул Амир Кабирдин ырайымсыз өлүм жазасынан кийин табылган мындай күнөөкөрлөрдү абдан дыкаттык менен текшерүү Англия мамлекети үчүн зарыл..... Россиянын тышки иштер министрлиги да Санкт Петербурдан нааразычылык катын жазып, Нури аларга жооп жазганга мажбур болгон. Россиянын башчысы да өз мамлекетиндеги Британиянын элчиси менен жолугуп мында “мыкаачылыкка” болгон мамиле жөнүндө сүйлөшүүдө “Ирандыктар мыйзамы да ыйманы да жок эл” деген сөздөрдү оозуна алганга чейин барган. Амир кабирдин өлүмү тууралуу суук кабар эки өлкөнүн газета, журнал, маалымат каражаттарында кеңири жазылып, айтылган.
Амир Кабирдин сүрөтү
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Этелаат гезитинин алгачкы санына Амир Кабирдин (сүрөттүн ким тарткандыгы, анын автору ким экени белгисиз) сүрөтү чыккан. Амир Кабир премьер-министрлик кызматка дайындалгандан бир жыл өтүп Амир Кабирдин сүрөтү төмөндөгүдөй жазуу менен тартылган. “Соркар Агдас Шахриях Руанн Фаддын буйругу менен, улуу улматтуу Джалалат Маб, Сахиб аль-Сеиф жана Аль-Каламдын, Муктад альражал аль-Амам, Асеф аль-Мажд Олфахм аль-Алажл аль-Карам аль-Азам, Амир Кабир Мирз Тагихана Адамоллах. Жан Нисар Мохаммад Эбрахим сүрөтчүлөр баши 1887жыл”. Бул эмгек Хасан Рафаии Мехрандын эмгеги болгон жана сүрөтчүнүн козү өткөн соң аны бир туугандар сүрөттү музейге өткөрүп беришкен жана бүгүнкү күндө ал Гүлстан хан сарайында сакталып турат. Амир Кабирдин экинчи сүрөтү (негизги сүрөт жана анын азыркы абалы) 1889-жылы Амир Кабир кызматтан кеткенден бир жыл мурун АбульХасан Гафари тарабынан Амир Исфахан шаарына бара жаткан сапарында тартылган. Азыркы тапта бул сүрөт абдан эскирген абалда, анын кээ бир жерлери тытылган, болгону Амир Кабирдин сөлөкөтү тытылбай аман калган. Амир Кабридин үчүнчү тартылган сүрөтү ал дүйнөдөн өткөн соң 25 жылдан кийин Кажар өкмөтүнүн башкаруусунун жүз жылдык мааракесине арналган Мерет аль Баладан тарыхый китебине чыгарылган. Насиреддин шах китептин мукабасын Амир Кабирдин сүрөтүн чыгарууну талап кылып, китеп чыкканга чейин жеке өзү көзөмөлгө алып Амир Кабирдин сүрөтүн тарттырган. Бул сүрөт Амир Кабирдин алгачкы сүрөтүнүн негизинде тартылган, бирок сүрөттүн кээ бир жерлери (Насиреддин шахтын эсинде калган Амир Кабир) менен дээрлик айырмасы бар. Феридун Адамият өзүнүн китебинде (1942-жылы) Амир Кабирдин акыркы жылдарда тартылган бир нече негизги сүрөттөрүн карап чыгып, Мирза Таги Хандын образы жакшы берилбей, тарыхка дал келбегенин айткан. Амир Кабирдин дагы бир Абулхасан Гаффари тарткан сүрөтү Кажарлардын башчыларынын кийимин кийип турган адам. Бул сүрөттү кээ бирлер эч кандай түшүндүрмөсү жок эле Амир Кабирдин тарыхына тийешелүү деп түшүнүшөт, ал эми алардын көбү (сүрөттөгү өзгөчө тартылган образына карай) бул сүрөттө Амир Кабир эмес деп эсептешет. Кыязы Амир Кабирдин туруп түшкөн дагы бир сүрөтү эң алгачкы жолу Этелаат гезитине чыккан, бирок ал сүрөттү ким тарткандыгы жана качан тартылгандыгы тууралуу эч бир маалымат калган эмес. Ошентип, бүгүнкү күндө бул сүрөт Иранда жетишээрлик деңгээлде таркаган жана кээ бир басылып чыккан китептердин мукабаларына да чыгып келет. Айта кетсек, сүрөт чыгаруу өнөрү (Дагеротипия эмес фотосүрөт) 1849-жылы (Амир Кабир дүйнөдөн кайткандан кийин 2 жыл өтүп) чыга баштаган жана 15 жылдан кийин Иран Насиреддин шах жөнүндө эң биринчи адистештирилген фото сүрөт чыгарган.
Амир Кабир көркөм тасмаларда
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Насиреддин Шах фильминде киноактер Дариуш Аржоманд Амир Кабирдин ролун ойногон.
- Амир Кабир телевизиондук каналда Сейид Никупар Амир Кабирдин образын жараткан.
- Али Хатеми түптөгөн Султан Сахебгаран телевизиондук каналда Насир Малек Матийи Амир Кабирдин ролун ойногон.
- Конституциондук жылдар телевизиондук каналда (Пасин деген ат менен: Улуу визир) (2009-жыл) киноактер Мохаммад Реза Варази Мохаммад Садеги Амир Кабирдин ролун ойногон.
Окшош шилемелер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Амир Кабирге арналган каттар
Шилтемелер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Амир Кабир жана Иран – Фаридун Адамийят Шабек 19-бет. 9-030-487-964-978
- ”Көбүн эсе ирандыктар Амир Кабирдин кабыры кайсы жерде экенин билүүгө кызыкдар” (Фарсы) веббет Афтаб, 2010-жыл 7-август.
- Алеф кабар агенттиги 9-янврь 2013-жыл “Амир Кабирдин сөөгү кайсыл жерге берилген”.
- Насиреддин шахтын Ирак Амир Ажамга болгон сапары” 62-бет. Насиреддин шахтын колу менен жазылган: “Эртең Амир Таги Хандын мекенине барабыз”. Энтешарат басмаканасы. Фаридун Адамийят “Амир Кабир жана Иран” Тегеран Хорезми 1970-жыл.
- Фаридун Адамийят Амир Кабир жана Иран 9-030-487-964-978, 21-бет.
- Белгисиз, Кажар доорундагы беделдүу аялдар” веббет Ашена.
- Фаридун Адамийят Амир Кабир жана Иран 9-030-487-964-978, 23-бет.
- Фаридун Адамийят Амир Кабир жана Иран 9-030-487-964-978, 54-бет.
- Фаридун Адамийят Амир Кабир жана Иран 9-030-487-964-978, 194 беттен 197 бетке чейин.
- Фаридун Адамийят Амир Кабир жана Иран 9-030-487-964-978, 197-бет.
- Фаридун Адамийят Амир Кабир жана Иран 9-030-487-964-978, 198-бет.
- Фаридун Адамийят Амир Кабир жана Иран 9-030-487-964-978, 208-бет.
- Нагиби Мофрад “Вагейи эттефагие”
- Ирандын тарыхы бар 141-бет.
- Фаридун Адамийят Амир Кабир жана Иран 9-030-487-964-978, 274 беттен 276 бетке чейин.
- Фаридун Адамийят Амир Кабир жана Иран 9-030-487-964-978, 266 беттен 285 бетке чейин.
- Фаридун Адамийят Амир Кабир жана Иран 9-030-487-964-978, 319 беттен 323 бетке чейин.
- Белгисиз, Афтаб интернет булагы 2007
- Амир Кабир жана Иран 295-бет.
- Амир Кабир жана Иран 501-бет.
- Амир Кабир жана Иран 334-бет.
- Иран Мадияндарынын окуялары, аз калктуу бирок бириккен. Фарс Би Би Си
- Иран тарых күндөрү, 988-бет.
- Амир Кабир, Колониализм менен күрөшүүнүн баатыры, 88-бет.
- Амир Кабир жана Иран – Фаридун Адамийят 9-030-487-964-978, 233 беттен 235 бетке чейин.
- Амир Кабир жана Иран – Фаридун Адамийят 9-030-487-964-978, 233 беттен 241 бетке чейин.
- Амир Кабир жана Иран, 465-бет.
- Нажафи М. Фагих Хагани М. Ирандагы саясий окуялардын тарыхы: диний-башкаруу-маданият жана ирандын улуттук окшоштугундагы мамлекеттин өсүп өнүгүүсү. Тегеран: Ирандын жаңы тарыхын изилдөө борбору. 2004-жыл, 122-бет.
- Нажафи М. Фагих Хагани М. Ирандагы саясий окуялардын тарыхы: диний-башкаруу-маданият жана ирандын улуттук окшоштугундагы мамлекеттин өсүп өнүгүүсү. Тегеран: Ирандын жаңы тарыхын изилдөө борбору. 2004-жыл, 123-бет.
- Нажафи М. Фагих Хагани М. Ирандагы саясий окуялардын тарыхы: диний-башкаруу-маданият жана ирандын улуттук окшоштугундагы мамлекеттин өсүп өнүгүүсү. Тегеран: Ирандын жаңы тарыхын изилдөө борбору. 2004-жыл, 124-бет.
- Кажарлардын дарыхы Мирза Шариф Ширази.
- FO 60/169 no 9 Sheil to Palmerston Tehran 16 Jan 1852 Каттын асыл нускасын Амир Кабир Англиянын министрине берген.
- Амир Кабир жана Иран – Фаридун Адамийят 9-030-487-964-978, 706 беттен 706-707 бетке чейин.
- Амир Кабир жана Иран – Фаридун Адамийят 9-030-487-964-978, 709 беттен 716 бетке чейин.
- FO 60/164 no 209 Sheil to Delgoro ki Tehran 29 November 1851
- Mary Sheil, Glimpses 251
- Амир Кабир жана Иран – Фаридун Адамийят 9-030-487-964-978, 725 беттен 730 бетке чейин.
- FO 248/147 malmesbury to sheil no 9 foreign office
- Амир Кабир жана Иран
- Амир Кабирдин өмүр баянынан окуялар, Мохаммад Хасан Ансари
- Афшар, Ираж. 19-бет.
- Ирандын эң алгачкы сүрөтчү адиси Ага Реза, Симорг, 30-июнь 2010-жыл.
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Адамийят Фаридун, Амир Кабир жана Иран, Хорезми басмаканасы, 9-030-487-964-978,
- Сейедиан АбдальХосейн, Дүнөдөгү белгилүү инсандар, Биринчи чыгарылыш, Илим жана жашоо басмаканасы. 1984-жыл.
- Кермани Назем АльСалам, Тарых ирандыктардын ойгонуусу, Маниже Рабийи, Төртүнчү басылыш, Тегеран 2007-жыл.
- Белгисиз, Кажар доорундагы беделдүү аялдар. Ашена веббет. 2008-жыл 12-Апрель
- Амир Кабир (Макала) Афтаб интернет булагы, 2007-жыл 24-октябрь.
- Белгисиз. “Мирза Таги Хан Фарахани – Амир Кабир”Йад-е йар интернет булагы.
- Нагиби Мофрад, Хасам, “Вагайе Эттафагие” Нота, Сүйлөшүү радиосу интернет булагы.
- Белгисиз. " Mirza Taqi Khan - Amir Kabir ” (Англисче) www.iranchamber.com интернет булагы.
- Белгисиз. “Ашпозчунун окуучусунан премьер-министрге чейин”, макала, Тебиан интернет булагы.2005-жыл.
- Жаз жарчысы: Амир Кабирдин кол жазмалары.
- Амир Кабир 10
- Algar, H. “AMĪR KABĪR, MĪRZĀ TAQĪ KHAN”. In Encyclopædia Iranica. vol. 1. New York: Bibliotheca Persica Press, 1985. Retrieved ۱/۳۱/۲۰۱۳.
- Hairi, Abdul-Hadi. “Amīr Kabīr”. In Encyclopaedia of Islam. 2 ed. Lieden: E. J. Brill. Retrieved ۱/۳۱/۲۰۱۳.
Сырткы шилтемелер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Ирна кабар агенттиги: Амир Кабирдин Хаваздагы атасынын үйү Маданий мурастар уюмунун карамагына берилди.
https://fa.wikipedia.org/wiki/%D8%A7%D9%85%DB%8C%D8%B1%DA%A9%D8%A8%DB%8C%D8%B1 Даанышмандар, саясат