Мазмунга өтүү

Амир ХocpовДехлеви

Википедия дан

Амир ХocpовДехлеви (1253, азыркы Уттар-Прадеш штаты, Патиалы ш. - 1325, Дели) - индиялык акын, илимпоз; ата-теги түрк. Фарс, урду, хинди тилдеринде жазган. Амир ХocpовДехлевинин. чыгармачылыгы Индиянын перс тилдүү адабиятынын калыптанышына чоң үлүш кошкон. Низами Гянжевинин «Бешилтигин» туурап жазылган беш поэманын автору. Анын касыйдалары, газелдери, төртсап ырлары беш поэтикалык жыйнактарында - дивандарында: «Жаштык жалын» (1272), «Жетилген курак» (1293), «Тандалган калдык» (1316), «Жетилүү чеги» (1325) берилген. «Девальрани Хизр-хан», «Ширин жана Хосров», «Мажнун менен Лайли» (1298), «Искендердин күзгүсү» (1299), «Сегиз бейиш багы» (1301) ж. б. чыгармалары белгилүү. Бир нече поэмалар, ырлар, табышмактар, жаңылмачтар жыйнактары бар. Өзү күбө болгон окуяларга арнап тарыхый поэмаларын жазган. «Хосровдун стилистикасы» аттуу 5 томдук эмгегине адабият теориясы жана индия музыкасы боюнча чыгармалары кирген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]