Аммоний катиону

Википедия дан

Аммоний катиону, аммоний иону NH4+ – азот жана суутек атомдорунан турган ион. Эркин абалында кезикпейт, анткени бөлүү учурунда эле аммиакка жана суутекке ажырайт. Бирикмелеринде бир валенттүү металлдар касиетине ээ болуп, эл чарбасында кеңири колдонулуучу туздар жана аммоний гидроксидин пайда кылат. Аммоний туздары көпчүлүгү сууда жакшы эрүүчү түссүз кристаллдар; ысытууда NH3 бөлүнүп чыгып, оңой ажырайт. Аммоний бирикмелери суудагы эритмеси диссоцияланганда аммоний катион түрүндө пайда болот:

NH4СI  NH4++ СI-

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]