Аммоний фосфаттары

Википедия дан

Аммоний фосфаттары – ортофосфор к-тасынын (H3PO4) аммоний туздары. Моно-, ди-, триаммоний фосфаттары белгилүү. Моноаммоний фосфат NH4H2PO4 түссүз кристалл, турактуу, балкып эрүү t 190oC,ным тартпайт, сууда жакшы эрийт. Гидрофосфат (диаммоний фосфаты) (NH4)2HPO4 түссүз кристалл. Моноаммоний фосфатка караганда туруксуз. Аммиакты бөлүп чыгаруу менен ажырайт. Ортофосфат (үчаммоний фосфаты) (NH4)3 PO4 түссүз катуу зат: 30-40оС аммиакты бөлүп чыгаруу менен ажырайт. А. ф. Фосфор к-тасына аммиак кошуу аркылуу алынат. А. ф. көбүнчө NH4H2PO4 түрүндө аммофос деп аталып, минералдык жер семирткич катары колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]