Аммониттер

Википедия дан

Аммониттер – курамында аммоний нитраттары бар жарылуучу нитробирикмелер аралашмасы. А. курамы б-ча төмөнкүдөй бөлүнөт: а) аммотолдор. үчнитротолуол кошулган жарылгыч аралашма; б) аммоналдар үчнитротолуол жана майдаланган алюминий кошулган аралашмасы; в) аска таш А/ – үчнитротолуол, гексоген жана алюминий кошулган аралашмасы; г) гранулиттер – гранул түрүндөгү нитрат аммоний кошулган аралашма. А. бат нымдалат, сактаганда жабышып, катып, жарылгыч касиетин жоготот. Ошондуктан курамына Fe, Ca, Zn, бор, доломит, крахмал кошуу менен А. сууда турактуулугун күчөтөт. А. тыгызд. канчалык жогору болсо детонациялык касиети ошончолук азаят. Негизинен А. тыгызд. 1,4 г/см3 ашпаш керек. Гранулданган А. күкүм түрүндөгү А-ге караганда детонациялык жөндөмдүүлүгү төмөн. Башка жарылгыч заттарга караганда мех. таасирлерге чыдамдуу, хим. жактан туруктуу болгондуктан аны сактоо жана колдонуу анча коркунучтуу эмес. А. аскердик инженерия иштеринде, жаруу иштеринде колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]