Амперометрдик титрлөө

Википедия дан

Амперометрдик титрлөө – сандык анализ электрохим. методу. Титрлөөнүн акыркы чекити индикатордук электроддун турактуу потенциалында диффузиялык токтун - Jd титранттын көлөмүнө - V болгон көзкарандылыгы б-ча аныкталат. Ченелүүчү диффузиялык токту шарттоочу электрохим. активдүү зат милдетин, аныкталуучу ион, титрант же алардын өз-ара аракеттенишинен пайда болгон зат же болбосо электрохим. ячейкага кошумча киргизилген индикатор аткарышы мүмкүн. Индикатордук электроддун потенциалынын маанисин тандоо, аныкталуучу зат жана титрант вольтамперограммалары б-ча жүргүзөт. Титрант катары чөктүргүч, окистендиргич, калыбына келтиргич же комплексти пайда кылуучу заттын белгилүү концентрациядагы эритмеси колдонулат. Титрант концентрациясы аныкталуучу зат концентрациясына караганда бир нече ирет көп болушу керек. Аны титрленүүчү эритмеге бюреткадан кичинеден тамчылатып кошкондо эритменин суюлушу байкалбайт. Уюлдануучу индикатордук электрод катары тамчылап турган сымап электроду колдонулат, бирок көп учурда асыл металлдан (адатта платинадан) же графиттен, көмүртектүү айнектен жасалган катуу электроддор колдонулат. А. т. салыштырма электродсуз эле бирдей материалдан жасалган жалпак эки индикатордук электродду колдонууга да болот. Бул вариантты кээде биамперометриялык титрлөө деп атайт. Бир индикатордук электрод менен амперометриялык титрлөөдө аныкталуучу заттын төмөнкү чеги 10-5 м, эки индикатордук электроддо 10-6 м болот. А.т. орг. эмес, орг. заттарды анализдөөдө жана чөкмөлөрдүн эргичтигин, комплекстик бирикмелер туруктуулугун аныктоодо кеңири колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]