Амритсар

Википедия дан
Амритсар.

АмритсарИндиянын түндүк-батышындагы шаар. Пенжаб (Панжаб) штатында. Калкы 1,1 млн (2004). Жолдор тоому. 1577-ж. Өлбөстүк көлүнүн (санскритче – амрита сарас) тегерегинде негизделип, сикхтердин башкы диний жана маданий борбору болгон. Армистарда сикхтердин эң ыйык «Алтын храмы» (Харимандир; 16–18-кылым) жайгашкан. «Алтын храм» 1761-ж. кыйроого учурап, кийин кайра калыбына келтирилген , индустардын Дургиана храмы да бар. А. өлкөнүн өнөр жай жана соода борбору; текстиль, химиялык, машина куруу, болот, прокат, кант өнөр жай ишканалары иштейт. Кустардык кол өнөрчүлүк (килем токуу, металлдан, сөөктөн, булгаарыдан буюм жасоо) өнүккөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]