Амундсен-Скотт
Көрүнүш
Амундсен-Скотт атындагы илимий станция – АКШнын Түштүк географиялык уюлдагы антарктидалык ил. станциясы. Уюл платосунда 2800 м бийиктикте жайгашкан. 1957-ж. январда ачылган. Континенттин ички аймактарына маршрут боюнча жүргүзүлчү изилдөөлөрдүн базасы. Түштүк уюлду биринчи ачышкан норвегиялык Р. Амундсен жана англиялык Р. Скоттун ысмынан аталган.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1