Аму-Дарыя мунай-газ бассейни

Википедия дан

Аму-Дарыя мунай-газ бассейни ― мунай жана күйүүчү газ кендери жаткан ири аймак. Түркмөнстандын борбордук жана чыгыш, Өзбекстандын батыш, Ооганстан менен Ирандын түндүк бөлүктөрүндө 420 миң км2дей аянтты ээлейт. Алгачкы газ кендери 1953-ж. Түркмөнстанда (Сеталандөбө), 1960-ж. Афганстанда (Етымтаг), 1968-ж. Иранда (Хангиран) табылган. 200дөн ашуун мунай жана газ кендери бар (2005). Алардын негизгилери: Түркмөнстанда – Шатлык, Даулетабад-Донмез, Байрам-Али, Ачак, Саман-Дөбө, Орто-Булак жана башка; Өзбекстанда – Газлин; Ооганстанда – Кожо-Гугердаг, Жаркудук жана башка; Иранда – Хангиран юра жана мезгилдеринин газ-мунайлуу терриген жана карбонат чөкмө тек катмарлары 0,2–4 км тереңдикте Аму-Дарыя синеклизасын түзүп жатат. Газ кургак, метандуу, курамындагы N2 5%ке чейин, СО2 – 4%, айрым H2S-6%. Мунай майда бүртүкчөлүү, парафиндүү (13%ке чейин), тыгыздыгы 770– 900 кг/м3.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]