Мазмунга өтүү

Амхара

Википедия дан

Амхара (амара) — Эфиопиянын түндүгүндө жана борборунда жашаган семит эли.

Саны 20 млн адам.

Эфиопиядан тышкары алар Судан, Сомали, Эритрея, АКШ, Канада, Щвеция жана башка өлкөлөрдө жашашат.

Антропология боюнча эфиоп расасына кирет.

Амхара тили семит уясына кирет.

Дин жактан монофизиттик христианчылыкты тутушат. Амхара арасында мусулмандар, католиктер жана протестанттар бар.

Элдин калыптануу процесси 13-14-кылымдарда Амхара-Сайнт жана Шоа княздыктарында болгон. 14-кылымда амхара Эфиопия мамлекетинде үстөмдүк кылган этноско айланган жана алардын тили өлкөдө расмий тили болуп калган.

Айдоо жер чарбасы (дан эгиндер, жүгөрү, буурчак) жана малчылык (ири жана майда мүйүздүү мал, эшек, тоок) менен алектенишет. Балчылык.

Кол өнөрчүлүктөрдөн темир устачылык, зергерчилик, карапачылык, токуучулук өнүккөн.

Коомдук структуранын негизи — айылдык жамаат. Касталык типтеги кол өнөрчүлөрдүн корпорациялар болгон.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]