Анализдик функция

Википедия дан

Анализдик функция — даражалуу катар түрүндө көрсөтүлүүчү функция. Анализдик функциялар теориясы комплекстик өзгөрмөлүү функциялар теориясы катары пайда болуп азыркы күндө да анын негизин түзөт. Анализдик функциялар теориясы XIX кылымда түзүлүп, анын калыптанышына О. Коши, Б. Риман жана К. Вейерштрасстар көп салым кошкон. Анализдик функциялар классынын маанилүүлүгү төмөнкүлөр менен аныкталат: 1) көлөмдүү, элементардык (көп мүчөлөр, рационалдык жана башка) жана атайын функциялар (эллипстик, цилиндрлик жана башка) кирет; 2) Анализдик функциялар классы арифметика, алгебра жана анализдин негизги амалдарына карата туюк, башкача айтканда анализдик функцияларга арифметикалык негизги амалдарды колдонгондо, анализдик коэффициенттүү алгоритмдик теңдемелерди чыгарганда жана аны дифференциалдаганда, интегралдаганда кайра эле анализдик функцияны алабыз; 3) Анализдик функция орчундуу жалгыздык касиетине ээ: ар бир анализдик функция «бир түйүндү» түзөт, өзүнүн жашоо облусунда «бирдиктүү» функция болот. Ал атайын функциялар теориясында, ошондой эле математиканын башка бөлүмдөрүндө, физикада, механикада, айрыкча гидродинамикада кеңири колдонулат. Эгер D облусунда аныкталган f(z) комплекстүү маанилүү функциясы 2QeD чекитинин аймагында f(2)=a0+a;(220)+...+an(2-20)“+... даражалуу катары менен аныкталса, анда ал z0 чекитинде анализдик (голоморфтуу) деп аталат. D облусунун бардык чекиттеринде анализдик болгон функция бул облуста анализдик функция болот. 20eD чекитинде анализдик функция болсо бул чекитте дифференциалданат. f(z)= =u(x ,y)+iu(x ,y), мында 2=x+iy функциясы 20eD чекитинде анализдик функция болсо, анда Коши - Ри-8u _ dv8u _ dvман шарты т- _ "т- > T" _ - V” аткарылат. Анализдик функция 8x 8y8y8х теориясында Кошинин интегралдык теоремасы чоң мааниге ээ: эгер f(2) функциясы D облусунда анализдик функция болсо, анда D облусуна тиешелүү болгон каалаган облусту чектеген Г туюк ийри сызыгы үчүн J f{z) dz <nowiki>= 0 деп жазылат. Буга тескери теорема да орун алат: эгер f(z) функцпясы D облусунда үзгүлтүксүз жана каалагандай Г с D туюк контур үчүн J f (z)dz <nowiki>= 0 болсо, анда f(z) Г функциясы D облусунда А. ф. болот (МорераzeD Кошинин ч f( )1 r f (X) dX теоремасы). f (z) = —т J — 2m д z – X интегралдык формуласы. D облусунда анализдик жана бул облуста пределдик чекитке ээ болгон кандайдыр бпр көптүктө бири-бирине дал келүүчү эки функция бүт D облусунда бири-бирине дал келет. Айрым алганда, нөлдөн айырмаланган D облусунда ал обочолонгон нөлдөргө гана ээ болушу мүмкүн. Анализдик функциянын аналитикалуулугу бузулган чекиттери өзгөчө чекиттер деп аталат. Бүт тегиздиктеги анализдик функция бүтүн функция деп аталат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1